«Ата-Журт» фракциясынын депутаттары Келдибековдун дарегине айтылып жаткан айыптоолорду «негизсиз»деп эсептешет

21-ноябрда парламент депутаттары экс-төрага Акматбек Келдибековдун кармалышынын себептерин түшүндүрүп берсин деп башкы прокурор Аида Салянованы пленардык жыйынга чакырышты.

Парламенттин «Ата-Журт» фракциясынын депутаттары партиялашынын дарегине айтылып жаткан айыптоолорду «негизсиз»деп эсептешет — бул тууралуу жыйында депутат Жылдызкан Жолдошева билдирди.

Анын айтымында, Москвада парламенттин атайын өкүлчүлүк кызматын түзгөн жана ага 10 млн. сом жумшалган деген айып ал токтомду кабыл алган бардык депутаттарга коюлушу керек.

«Социалдык фонд боюнча айыптоолор тууралуу айтсам, керектүү документтердин бардыгы тең мурунку Башкы прокуратуранын имаратында күйүп кеткен. Ал эми кылмыш иштери документтердин көчүрмөлөрү менен эмес, түп нускасы менен каралат», —деп жазган «АКИпресс» маалымат агенттиги Жолдошеванын айткандарын.

Башкы прокурор Аида Салянова Келдибековдун камалышы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн парламент жыйынына 21-ноябрда чакырылган.

Оппозициялык депутат Акматбек Келдибеков Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда, ошондой эле парламент төрагасы болуп турган кезде «коррупциялык иштерге барган» деген шек менен 20-ноябрда кармалган.

Ал Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле Келдибеков 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары Келдибеков эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен кармалды деп эсептейт.

«Бүгүнкү козголуп аткан иштердин бардыгы – алар айтып жаткандай каржылык же болбосо административдик жактан мыйзам бузган, алып ичип-жеп алды дегендер чындыкка жатпайт», — деп билдирди ал.