Бишкекте май куючу жайларды куруу үчүн жер берүүгө 5 жылга тыюу салынды

Бишкек шаардык кеңеши шаарда май куючу жайларды курууга 5 жылдык мораторий жарыялады. Бул тыюу салууну депутаттар Бишкектин аймагы «башаламан тартипте» курулуп жатканы менен түшүндүрүштү.

19-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шаарда май куючу жайларды куруу үчүн жер берүүгө мораторий киргизүү жөнүндөгү токтомду кабыл алышты.

Документке ылайык, тыюу салуу Бишкекте май куючу жайлардын курулушу «башаламан тартипте» жүрүп жатканы менен түшүндүрүлүүдө.

«Борборду перспетивдүү, пландуу өнүктүрүү, андагы шаар куруудагы кырдаалды комплекстүү чечүү, экологиялык жана техногендик коопсуздуктарды сактоо максатында беш жылдык мораторий киргизүү зарыл», — деп жазылган токтомдун негиздеме-маалымкатында.

Добуш берүүнүн алдында шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов азырынча нормативдик актыны эмнеге кабыл алуу керектиги тууралуу маселеси толук изилденбегендигин айтты.

Аманкулов анализдин жоктугун бишкектиктер депутаттардан тыюу салууну кабыл алуудагы «саясий эрктерин» күтүп жаткандыктары менен түшүндүрдү. Анын айтымында, изилдөө 2014-жылдын 1-апрелине чейин өткөрүлүшү керек.

«Антпесе шаардыктар бизди түшүнбөй калышат. Эгер биз «А» деп айтсак, «Б» деп да айтышыбыз керек. Токтомдун жаңы долбоорунун изилдөөдөн өтүшү үчүн 1-апрелге чейин убакыт берели, кызыкдар тараптардын каалоо-тилектери менен сунуштары эске алынат», — деп жазган «АКИпресс» Бишкек шаардык кеңешинин айткандарын.

Сүрттө: Бишкектик түштүгүндөгү май куючу жайдын курулушу, АКИпресс маалымат агенттигинин сайтынан алынды