Кыргызстандын Баткен облусу Тажикстандын 6 району менен чектешет. Бул аймактардагы 300 чакырымдай аралыкта делимитация жана демаркация иштери бүтө элек. Жергиликтүү кыргыз-тажик тектүүлөрдүн ортосунда чыр-чатактар уланып эле келатат. Эки өлкөнүн Өкмөттүк, Президенттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү болгону менен, натыйжасы көрүнө элек. Серепчилер чек ара маселесин жергиликтүүлөрдүн каршылашуусу менен эмес, бийликтердин ийри отуруп түз чечүү зарылдыгын сунуштайт.
Бешкенттеги көпүрө көйгөйү
Лейлек районундагы Бешкент айылынын тургундары район борборуна каттоодо Тажикстандын чек арачыларынан ыдык көрүп, кыйынчылыктарга кептелип жатканын айтышат. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу 14 гектар жерди тажикстандыктар ээлеп алышкан. Бул аймакты тажик чек арачылары кайтарат.
«Азыр чек арага тажиктерди коюп койгон, солдаттардан өтүү өтө оор. Документи жок адам такыр өтө албайт. Документиң жок болсо акча талап кылат. Азык-оокат Тажикстанга Кыргызстандан өтөт. Биз кайра эле тажиктерден сатып алабыз. Ошол сатып алган нерселерибизди алып келатканда чек арадан дагы акча төлөп өтөбүз»,- дейт Бешкент айылынын тургуну Шахсда Тохтасинова.
Бул маселеде Кыргызстан бийлиги алсыздык кылып жатканын айтат чек аралаш аймактын тургундары.
«Өзүбүздүн жерибизди тажикстандыктарга алдырып, өзүбүздүн жерибизге өтө албай, зордук көрүп жатабыз. Бул биздин аткаминерлердин алсыздыгы деп ойлойм. Биздин бийликтин сөзү өтпөй жатат», - дейт Бешкент айылынын тургуну Токтосун Арыкбаев.
Айтымдарында, Роза Отунбаева өлкө башчы болуп турганда Бешкент айылын район борборуна бириктирген көпүрөнү куруу боюнча демилге көтөрүлгөн. Учурда бардык курулуш материалдары даяр турганы менен курулушту баштоого тажик тарап жолтоо болуп келет.
«Бул көпүрө курулса, тажиктерге көз карандысыз болуп, районго түз чыгып келип, түйшүгүбүз жеңилдемек. Бизде Бешкенттен чыга турган жолубуз бар, бирок, абалы өтө жаман. Кар түшкөндө баары бир Тажикстан аркылуу өтүүгө аргасыз болобуз», -дейт Шахсда Тохтасинова.
Бешкенттеги көпүрө Кулунду-Максат деп аталат. Жаңы-Жер, Маргун, Бешкент айыл өкмөтү жана Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат айылынын тургундары Тажикстандын Оочу-Калыча айылы аркылуу өтөт.
Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов белгилегендей, көпүрөнү курууга капиталдык каржы салуудан каражат бар. Куруучу мекеме да аныкталып коюлган. Анткен менен, бул көпүрөнү куруп, жол ачуу боюнча комиссиялардын, Өкмөттүк жана президенттик деңгээлде сөз болгону менен, дагы эле курулуш токтоп турат.
«Бул аймакта жалпы 75 гектар жер аныкталбаган, талаш жер болуп турат. Кайсы бир картада биздики, дагы башкасында Тажикстандыгы болуп көрсөтүлгөн. Эгер бул жол маселеси чечилбесе, Лейлек району эгемендүү жол менен камсыз болбойт»,- дейт аким Тилеберди Арипов.
Кыргыз-тажик жарандарынын ортосундагы чар-чатактарга жайыт талашы да себеп болот. Малдын артынан келишпестиктер болуп турарын айтат Бешкент айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысы Шахсда Тохтасинова.
«Тажикстан менен чектеш болгон Арка участкасында биздин жерлерибиз бар. Тажиктер малын алып келип жайып салышат. Малдын артынан да чыр чыгып жатат. Жакында эле тажикстандык балдар машине менен келип, биздин адамдарды ташбараңга алышты. Мен алардын тилин билген үчүн ортого түшүп, чыр ырбап кеткен жок»,- деди жайыт комитетинин төрайымы Ш.Тохтасинова.
Жаштар чек араларды бекемдөөнү сунуштайт
Лейлек райнунун Кулунду айылынын активдүү жаштары жергиликтүүлөрдүн күч-аракети менен чек ара аймактарына белгилерди коюу менен конфликттердин алдын алуу демилгесин бийликтерге сунуштаган. Айтымында, бейөкмөт уюмдарга долбоор жазып, муну ишке ашырууга болот.
«Пахтабад деген айылда Кыргызстанга караштуу жерибиз бар. Ал аймактан Тажикстанга жер тилкелери 100 жылга ижарага берилген. Кайра кайтарып ала албай калганбыз. Ошондуктан, ал жерлерден кыргызстандыктарга турак-жай куруу үчүн бөлүштүрүлүп жатат. Бирок, ары жактан, тажиктер да ылдыйдан чыгып келе жатат. Ошонун алдын алуу үчүн айыл жаштары өкмөттөргө кайрылып жатабыз. Азыртан өзүбүздүн аймакты тоспосок, тажиктерге жерибизди алдырып коебуз. Мына ушунун алдын алуу керек»,- дейт Кулунду айылынын тургуну Таирбек Абдилашим уулу.
Район акими Тилеберди Арипов чек аралаш аймактардагы жер тилкелерин ижарага берүү токтотулганын белгилейт. Анткен менен, биз тараптан да Тажикстандын аймагына кирип кеткен тилкелер бар экенин кошумчалады.
Лейлек району алыскы жана шарты катаал болгондуктан, 2005-жылга чейин көпчүлүк жаштардан Чүй облусу тарапка массалуу көчүп кетүүлөр болгон. Чектеш аймактарды тарттырып жибербөө үчүн ошол аймактардан жер тилкелерин жаштарга турак-жай куруу үчүн бөлүштүрүлүп жатканын айтат район акими.
«Кулунду айыл өкмөтүндөгү Майты айылынан чек аралаш аймактан 100 гектар болгон жер тилкеси транформация болуп, башпланын түзүүгө капиталдык вложениядан 2 млн сом ажыратылган. Былтыр ушул участкадан жаштарга бөлүп бердик. Андан сырткары жогорку зонадан муктаж үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлдү. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнөн дагы 2 жерден транформация кылдык. 2014-жылы бөлүштүрүлүп калат», -дейт Тилеберди Арипов.
Мунай-газ үчүн кызыкчылыктар конфликти
Кыргызстандын Баткен облусу Тажикстандын 6 району менен чектешет. Чектешкен 297 чакырым аралык делимитация жана демаркацияланып бүтө элек. Маалымдалгандай, бул боюнча Өкмөттөр аралык делимитация комиссиясы иштеп келатат.
Район башчысынын айтымында, Баткен облусунда кыргыз-тажик чек аралаш аймактардагы конфликттер мунай жана газ үчүн болгон кызыкчылыктардан улам да болуп келет.
«Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагынан 1980-жылдан бери тажик тарап мунай-газ пайдаланып жүргөн экен. Биздикилер Тажикстандын территориясы деп жүргөн. Бирок, атайын аппараттар менен жер адистери келип текшергенде, жер биздики болуп чыкты. Биз 5 мунай соргуч, 4 газ соргучтардын ишин токтоттуруп койдук. Үч айдан бери ошол маселе кетип жатат. Биздин территория деп тажиктерди чыгарып салдык. Алар да биздин аймак деп талашып жатышат. Биз муну сүйлөшүүлөр, дипломатиялык жол менен чечүүгө аракеттенип жатабыз»,- деди Тилеберди Арипов.
«Лейлек жана Сүлүктү анклавга айланып калуу коркунучу бар»
Жогорку кеңештин депутаты Улугбек Кочкоров чек аралаш аймактардагы маселелерди чечүүдө саясаттын туура болбой жаткандыгын, кабыл алган мыйзамдардын аткарылбай жатканын белгилейт.
«Тилекке каршы, канча айтпайлы, мамлекеттин ушул жаатта саясатын оңдой албай койдук, көңүл бурдура албай койдук. Өкмөттө чек ара маселесин толук түшүнгөн, ушул жерлердеги жагдайларды түшүнүп, кандай чечүүнү көрө билген чиновниктер аз. 2011-жылы мыйзам кабыл алдык, бирок, анын аткарылышы жокко эсе болуп жатат. Чек ара курамын күчтөндүрүү керек. Айрым бир тозоттордо шарттарды жакшыртып, чек ара аскерлердин айлык маяналарын көтөрүү керек»,- дейт эл өкүлү.
Улугбек Кочкоров кыргыз-тажик чек аралаш Таш-Тумшук айылындагы 145 үй-бүлөнүн 100дөн ашыгы башка аймактарга көчүп кеткенин, ошол айылга эл өкүлдөрү барып жашап көрүп, жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүн жон териси менен сезишсе дейт.
«Чынында чиновниктер самолет менен учуп барып, 1-2 саатта эл менен жолугушат да кайтышат. Ушул кыска мөөнөттө эле чыга калып басмырлоо көрсөтө калбайт да. Күнүмдүк жашоодо басым болуп жатканын билбейт да алар. Ошол жерлердеги социалдык маселелерди чечүү керек десе, Кыргызстандын бардык эле аймактарында ушундай маселе бар дешет»,- дейт У.Кочкоров.
ЖК депутаты чек ара аймактарында жашаган эл көпчүлүк учурда жумушсуздуктан жана социалдык маселелери чечилбегендиктен көчүп кетип жатканын белгилейт. Ошол айылдарды өнүктүрүп, элди сактап калуу зарылдыгын, бул болсо Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниси чоң экенин баса белгилейт.
«Баткендеги чек аралаш 5-6 айылды сактап, кармап калбасак, Тажикстандын 2-3 айылы биригип, Кыргызстандын жарым территориясы, маселен, Лейлек, Сүлүктү шаарлары толугу менен анклавга айланып калуу коркунучу бар»,- дейт депутат У.Кочкоров.
Чыр-чатактын чыгышы - жаштардын түшүнбөстүгүнөн
Кыргыз-тажик чек аралаш Андарак айылында тажик жана кыргыз тектүү калк аралаш жашайт. Айыл калкынын саны 12,6 миң болсо, 6,5 миңин тажик тектүүлөр түзөт. 2 орто мектеп бар: бири кыргыз, кийинкиси тажик тилдүү.
Андарак айылынын тургуну Салимжон Наврузов чек аралаш аймактардагы чыр-чатакка көбүнчө жаштар себепкер болорун белгилейт.
«Негизи, конфликт жаштардын түшүнбөстүгүнөн чыгат. Ар ким өзүнүн айтканын туура көрөт. Биздин чек ара бөлүнгөн эмес. Ошон үчүн жаштар арасында спорттук оюндарды уюштуруп турса жакшы болот. Мен өзүм «Улуттук аспаптар достукка карай” деген долбоор жазгам. Эки улуттун музыкалык аспаптарын үйрөтүп, бирге фестивалдарды уюштурабыз»,- дейт Салимжон.
Эксперт эмне дейт?
Баткен облусунун Исфана шаарында өткөн “Фергана Кэмп” эл аралык конференциясына эксперт болуп катышкан «Коомдук технологиялар борборунун» адиси Ахмат Мадеюев kloop.kg сайтына чек аралаш аймактардагы чырлуу маселелерди чечүү жолдорун айтып берди.
- Чек аралаш аймактардагы маселелер дале курч бойдон калууда дешет жергиликтүүлөр. “Бул биздин бийликтин алсыздыгы” дегендер да болду. Конфликттердин алдын алуу, болтурбоо үчүн кандай кадамдар керек?
Ахмат Мадеюев: Чек ара мамилелери өзгөчө маселелерден. Себеби, чек араны кантип кесип өтүү керек, коңшу мамлекетте болуунун тартиби ж.б. боюнча маселелер дайым эле болуп келет. Бул эки тараптуу, биргелешип чече турган маселе. Биринчиден, өлкө ичинде чек аралаш райондордун жашоочуларына Өкмөт, жергиликтүү бийликтер, мамлекеттик органдар тарабынан отклик болууда. Экинчиден, маселелерди сөзсүз түрдө тажикстандык өнөктөштөр менен биргеликте карап чыгуу шарт. Эгер биз муну өзүбүз эле чечүүгө далалат кылсак, анда мындан эч нерсе чыкпайт.
- Ошол биргелешкен аракеттер барбы? Натыйжаларычы?
Ахмат Мадеюев: Кош аракет кылуунун элементтери бар. Бирдиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн темаларды табуу жаатында аракеттер болуп жатат. Маселен, бирдиктүү сугат суусун пайдалануу, чек араларды бирдиктүү кайтаруу ж.б. орчундуу маселелерди чечүү боюнча. Бул бирдиктүү иш аракеттерди күчтөндүрүп жана кеңейтүү керек.
Маселен, чек ара маселелерин көтөрүү жана конфликттердин алдын алуу боюнча Фергана Кэмп эл аралык конференциясына Тажикстандан, бизге, Кыргызстанга өкүлдөр, эксперттер, жаштар келишкен. Бул болсо алар тараптан бизге болгон ишеним жана урматтоо. Негизи, бул эки элдин бири-бирине болгон ишеними.
- Бирок, тажик тараптан бийлик өкүлдөрүнөн көрө албадык го?
Ахмат Мадеюев: Мен дипломатиялуу түрдө айта алам: биз ачык, демократиялуу, эркин өлкөдө жашайбыз. Тажикстан азыр шайлоодон кийинки абалда. Ал жакта бир катар маселелерди чечүү түйшүгү менен алектенип жатышса керек.
Чек аралаш аймактарда чыр-чатактардын алдын алуу жана жаралган маселелерди чечүү жолдору суроо-сопкутта да сунушталды.
Жахонгир Ходжиев, Андарак айыл мектебинин 10-классынын окуучусу:
- Баары бир чек араларды тактап, тосуу зарыл. Менимче, мамлекеттик чек ара ошол мамлекет үчүн көбүрөөк маанилүү. Башка өлкөдөн документи жок өтүп кетсе, маселе болот. Чек аралаш аймактардан жер талашынан конфликттер чыгат. Чек араларды тактап, конфликттердин болушун алдын алуу керек.
Фахридин Исаков, АКТЭД уюмунун Баткендеги өкүлү:
- Жамааттарды максаттуу анализдөө менен конфликттердин алдын алууга болот. Маселен, АКТЭД уюму Кыргызстанда 2010-жылдан тарта REACH интернет-картасын түзүп, толуктап келатат. Ушундай эле карта Тажикстанда да бар. Бирок, анча өнүгө элек. Мисалы, интернеттеги картаны жакындатсаң, айыл өкмөткө чейин, калкынын саны, социалдык мекемелер, статистикалык көрсөткүчтөр бар. Жайыттарга чейин картага киргизгени жатабыз. Бул база менен маалыматтык айкындуулук болот.
Чыңгыз Тажибаев, “Лейлек жаштары” коомдук бирикмесинин жетекчиси:
- Фергана өрөөнүндөгү чек аралаш аймактарда жаштардын сабаттуулугун арттыруу, креативдүү идеялардын негизинде бири-бирин сыйлоого үгүттөө керек. Бул жаатта ар кандай программаларды иштеп чыгып, сунуштоо шарт. Чектеш Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан жаштарынын жакшы демилгелери боюнча тажрыйбаларын алмашуу да жакшы натыйжасын берет.
Далер Касимов, Ходжент шаарынын тургуну:
- Борбор Азия өлкөлөрүндөгү чек араларды ачуу менен экономикалык өсүүлөр болот. Маселен, Кыргызстанда бар товарларды Тажикстанга алып өтүп, соода жүргүзүү менен аймактын экономикасын көтөрсө болот. Турмуш-тириликке керектүү товардардын наркы төмөнүрөөк болмок. Чек арадан өткөндө биз бажы төлөмдөрүн төлөйбүз да. Маселен, кыргыз көмүрүн Сүлүктүдөн ташып өтүп, ал эми Тажикстандан бул жакка коон алып келсе, баасы бир топ эле арзанга түшмөк жана ушул чөлкөмдө жашагандар үчүн бир топ жеңил болмок.
Автор: Гүлзат Газиева
Сүрөттөр автордуку, Таирбек Абдилашим уулунуку жана http://foto.mail.ru/community/aiyldashtar
Материал “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында даярдалды