Эмгек сиңирген сүрөтчүнүн көйгөйү көп

 

Оштук сүрөтчү Тургунбай Ташкозуевдин бир бөлмөлүү батири жашай турган жай гана эмес сүрөтканага да айланган. Бул анын өз каалоосу эмес – муктаждыгы.

Тургунбай Ташкозуев 40 жылдан бери сүрөтчүлүк өнөрүн аркалап келет. Ал сүрөт тартууга кызыккан балдарга устаздык кылат. Иштеп жүргөн учурда көп эле шакирттерди тарбиялаган. Бирок, пенсияга чыккандан бери анын иш жайын билбегенгеби, келбей калышкан. Кыргыз Республикасынын  эмгек сиңирген сүрөтчүсү учурда сүрөттү баалаган, түшүнгөн инсандар аз деп кейийт. Анын үстүнө, сүрөттүн баасы да көпчүлүк адамдардын чөнтөгүнө туура келе бербейт. Айтымында, колго тарткан сүрөттүн баасы жогору болот.

суроттор

«Бүгүнкү күндө бир сүрөт 500 сомдон 10 миң сомго чейин турат. Материал кымбат. Бир эле боектун баасы 190 сомдон. Жок дегенде бир сүрөткө 5-6 боек колдонобуз»,- дейт ал.

Быйыл  Ош шаарындагы облустук музейде көргөзмө болуп өтүп, анда Тургунбай Ташкозуевдин 60тан ашуун эмгеги коюлган. Жыл сайын ар түрдүү сүрөтчүлөр арасындагы иш-чараларга катышып келет.  Өткөн жылы Бишкекте болгон  көргөзмөдө 2 сүрөтү коюлган. Анын эмгегин көбүнчө чет жерден келген туристтер баалап, сатып алып кетип турушарын айтат. Ал живопись, композиция,  пейзаж, портрет сыяктуу сүрөттүн түрлөрүн тартарын белгиледи.

«Көргөзмөнү атайы уюштурууга абдан көп акча сарпталат. 10 күнгө эле имараттын ижара акысы 45 миң сомду түзөт. Былтыр Бишкекте өткөрүлгөн көргөзмөнүн акысын экс-президент Роза Отунбаева көтөрүп берген. Жол кире сүрөтчүлөрдүн чөнтөгүнөн кеткен»,- деди сүрөтчү.

Тургунбай аксакал сүрөт тартуудан сырткары ыр, аңгемелерди жазып, гезит беттерине жарыялап жүрөт. Ал чыгармаларын орус жана өзбөк тилдеринде жазат.

Сырткы сурот

Сүрөт өнөрүнө бала кезинен кызыкканы менен 26 жашында атайын сүрөтчүлөр окуу жайына тапшырыптыр. Турмуш шартына байланыштуу ал мектептен соң аскерде кызмат өтөп, кийин ар түрдүү курулуштарда иштеген.

«Мектеп убакта эле сүрөтчү болгум келчү. Бул кесипти аркалап калышыма мугалимим себепкер болду. Ошонун айтуусу менен Ташкенттеги сүрөтчүлүк окуу жайга тапшырдым. Ал жерде 4 жыл окуп, 1973-жылдан тартып сүрөтчүлүк менен иштеп келе жатам»,- дейт Тургунбай Ташкозуев.

Сүрөтчү ушул убакка чейин көргөзмө коюучу жайы жок экендигин айтат. Азыркы учурда анын иш орду да, жашаган жери да бир бөлмөлүү батир.

Ички

«Мен азыр пенсиядамын. Пенсиям аз, тамак-ашка араң жетет. Сүрөткө кетчү материалдар кымбат. Аларды сатууга койгонго жай болушу керек. Бул маселе боюнча кайрылбаган жерим калган жок. Шаардык мэрияга, премьер-министрге чейин жардам сурап кайрылдым. Жаза элек бир эле президент калды окшойт…»,- дейт Тургунбай Ташкозуев.

Автор: Адашгүл Акматова

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева