Кара-Кечедеги атышуу боюнча кылмыш иши козголду

 Милиция  Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде болгон атышууга шектүү төрт адамды кармады. Андагы жараат алгандардын экөөсү ооруканага жаткырылган.

Ок атышууга чейин жеткен Кара-Кече көмүр кениндеги чатак оор жүк ташуучу унаа айдоочуларынын ортосунда  20-ноябрь күнү кечинде болгон.

Анын жыйынтыгында, түрдүү жарааттары менен эки киши ооруканага жеткирилген.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев атышууга ондон ашык киши катышканын билдирди.

«Оор жүк ташуучу эки унаанын айдоочусу уруша кетишкен, жыйынтыгында бирөөнүн төшүнө ок тийип, экинчисинин далысына бычак сайылган. Экөө тең Жумгал райондук ооруканасына жеткирилген», — деди Осмонбаев.

Ал окуя боюнча шектүү катары төрт киши кармалганын кошумчалады.

Козголгон кылмыш иштери боюнча фактылар иликтенип жатат.

Мушташ 20-ноябрь күнү болжол менен саат 17:00дө Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде болгон.

Редактор: Айшоола Айсаева
Автор: Клара Абдукова