Келдибеков 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн

Парламент жыйынында башкы прокурор Аида Салянова камалган депутат Акматбек Келдибеков тагылган айыптар үчүн 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажырашы мүмкүндүгүн билдирди.Саясатчы «коррупцияга» шектелип 20-ноябрда камакка алынган.

Салянова «коррупцияга» шектелип 20-ноябрда тергөө абагына камалган депутат Келдибековдун камакка алынышынын себептерин түшүндүрүү үчүн парламентке чакырылган.

«Ага оор айып тагылып жатат, биз аны тергөө абагынын сыртында калтырып, башка бирөөлөр тергөөнүн жүрүшүнө таасирин тийгизбеши үчүн аны күн сайын чакырып тура албайбыз. Ал 10 жылга соттолушу мүмкүн болуп атпайбы», — деди башкы прокурор Салянова.

Келдибеков Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда, ошондой эле парламент төрагасы болуп турган кезде «коррупциялык иштерге барган» деп айыпталууда.

«Жардамчысы Келдибековдун көптөгөн тапшырмасын аткарып, өлкөдөн чыгып кеткен, ыкчам топ аны тапкан жок. [...] Келдибеков тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылбасын деп аны камакка алдык», — деди башкы прокурор.

Ал Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле Келдибеков 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары Келдибеков эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен кармалды деп эсептейт.

Учурда ал улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

Автор: Айшоола Айсаева