Келдибеков эки ай тергөө абагында камакта болот

Бишкектин Октябрь райондук соту депутат Акматбек Келдибековду 2014-жылдын январынын ортосуна чейин тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарды. 20-ноябрда камакка алынган саясатчы салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда «коррупциялык» иштерге барган деп шектелүүдө.

Келдибеков тергөө абагында 2014-жылдын 19-январына чейин камакта болот — мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Баш коргоо чарасын белгилүү боюнча отурум жабык эшик артында өттү — милиция шаардын 6-кичи районунда жайгашкан сот имаратына журналисттер менен Келдибековдун туугандарын кое берүүдөн баш тартты.

Камакка алынган депутаттын 300гө чукул тарапташы сот имаратынын алдында митинг уюштурушту, анын жүрүшүндө нааразы болгондор бир нече жолу милициянын тосмосунан өтүүгө аракет кылышты, бирок өтө алышкан жок.

Анын жыйынтыгында, митингдин үч катышуучусу кармалды.

Саясатчынын жактоочусу Искендер Журабаев Kloop.kgге берген маегинде соттун чечими менен макул эмес экенин жана ал боюнча жогорку инстанциядагы сотко кайрылаарын айтты.

Депутаттын тарапташтары эгер Келдибеков бошотулбаса нааразычылык акцияларын уланта бере тургандыктарын билдиришти.

Буга чейин парламентте башкы прокурор Аида Салянова эгер кармалган депутат «коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылса ал 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.

Саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Келдибеков ошондой эле 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары Келдибеков эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен кармалды деп эсептейт.