Келдибековдун тарапташтары Алай районунда «чоң митинг» өткөрө тургандыктарын билдирип жатышат

30дан ашык киши опозициялык «Ата-Журт» фракциясынын кармалган депутаты Акматбек Келдибековду колдоо үчүн митигке чыгышты. Алар эгер саясатчы бошотулбаса Ош облусунун Алай районунда «чоң митинг» өткөрө тургандыктарын билдиришти.

Нааразы болгондор кармалган саясатчынын дарегине айтылып жаткан айыптоолорду «негизсиз» деп атап, анын бошотулушун талап кылышты.

Келдибеков Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда, ошондой эле парламент төрагасы болуп турган кезде «коррупциялык иштерге барган» деген шек менен 20-ноябрда кармалган.

Митингдин катышуучулары эгер Келдибеков бүгүн саат 14:00гө чейин бошотулбаса Алай районунда депутатты колдогон «чоң митинг» өткөрө тургандыктарын айтып убада беришти.

«Эгер Келдибеков бошотулбаса биз ат менен Бишкекке чейин жетип барабыз», — деди демонстранттардын бири.

Ошондой эле депутаттын тарапкерлери Келдибековго каршы кылмыш ишин козгогон башкы прокурор Аида Салянованын кызматтан кетишин талап кылышты.

Учурда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында депутаттын тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Нааразычылык акциясына 200дөн ашык киши чогулуп, эки боз үй тигилген.

«Азаттык» радиосунун билдирүүсү боюнча, демонстранттар Ош-Эркештам унаа жолун бууп алышкан.

Учурда ал жерде райондун акими Таалайбек Сарпашев нааразы болгон эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Келдибековдун дарегине айыптоолор

Ал Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле Келдибеков 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары Келдибеков эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен кармалды деп эсептейт.

«Бүгүнкү козголуп аткан иштердин бардыгы – алар айтып жаткандай каржылык же болбосо административдик жактан мыйзам бузган, алып ичип-жеп алды дегендер чындыкка жатпайт», — деп билдирди ал.

Автор: Нуриза Самарбекова