Китепкана фондусуна «Найман» жана «Бриллиант жылан» кошулду

Бактыгүл  Чотурова «Найман» жана  Чолпонбек  Абыкеев  «Бриллиант  жылан»  аттуу  китептерин  Ош  областтык  китепканасында окурмандардын талкуусуна койду. Көпчүлүктүн   кызыгуусун  жараткан  бул китептер китепкана фондусуна  кошулду.

Кыргыз  Республикасына   эмгек  сиңирген  ишмер, акын   Бактыгүл  Чотурова  окурмандар  анын «Найман»  деп аталган чыгармалар топтомун   эми областтык  китепканадан  алып окушса  болорун  айтты. Бул топтомду дүкөндөрдөн  да тапса болот.

6

«Найман» - бул менин  акыркы  5  жыл  ичинде   чыгарган  чыгармалар  топтомум.   Ичинде  ырлар, чыгармалар  жана  «Найман» деген  тарыхый   поэмам  бар.  Уруунун  келип  чыгышы   жөнүндөгү  легенданы  көркөм    чыгармага   айландыргам . Бул  топтомдо   аялзатынын орду  үй -бүлөдө  гана эмес,  бүтүндөй  коомчулукта да чоң  экендиги  жөнүндө  жазылган»,- деди Б.Чотурова.

Бактыгүл  Чотурова
Бактыгүл Чотурова

Окурмандар менен жолугушууга келген жазуучу  Чолпонбек  Абыкеев  өзүнүн «Бриллиант  жылан»  чыгармасы соңку  жылдагы  эң  көп  нускада  чыккан  китеп    экенин  белгиледи.

«Бриллиант  жылан» -  бул  кыргыз  прозасындагы  биринчи  курч  окуялуу чыгарма.  Мына  ошондуктанбы, эң  көп  нускада  чыккан  китеп  болду. 86  миң  нускада   басылып  чыкты. Соңку  жылда  кыргыз  прозасында  мынчалык  көп  нускада   чыккан  китеп  жок. Жазуучулар  союзунан  чечим  чыгарылып,  анын  негизинде  биз  бүгүнкүдөй  эл  менен  жолугушууларды  өткөрүп  жүрөбүз», - деди жазуучу.

Чолпонбек   Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

Чолпонбек   Абыкеев    адабий  көркөм  чыгармалардан  тышкары  журналистика  багытында  иштеген.  «Аалам» газетасын  түптөгөн   жана  республикалык, облустук  басмаларга   бир  топ  макалалары  жарыяланган.

Бишкектен келген акын-жазуучулар менен Оштогу жогорку, орто  окуу  жайларынын  мугалимдери, студенттери, мектеп   окуучулары жолугушту.

№52   орто  мектебинин  окуу  бөлүм   башчысы   Идрис   Айитбаев жазуучуларга  арнап  төкмө  ыр  айтып  берди  жана  жаштарга  тарбия   бере  турган   чыгармалардын  зарылдыгын  айтты.

Идрис   Айитбаев
Идрис Айитбаев

“Талантты  талант   таптайт”   деген  сөз  бар  эмеспи, ошол  сыңары  жаштарыбызга  чыгармалар  жакшы  тарбия  берет. Жазуучулардан  суранарым,  элге  тарбия  бере  турган, жаштарды  туура  жолго  сала  турган  чыгармаларды  көп  жаратышса”,- деди И.Айитбаев.

Китепкананын илимий   изилдөө  жана  усулдук   бөлүм   башчысы    Рахима    Махмудова   бул иш  адабий чыгармаларды  коомчулукка  жеткирүү,жаштарды   адабиятка  тартуу максаты экенин айтты.

“Акындар  өздөрү  алып  келген  китептеринен  областык  китепкана фондусуна  берип  кетишити. Иш  чара  жакшы  өттү, мындай  иш  чараларды  көп  өткөрөбүз”,- деди Р.Махмудова.

Учурда  Токтогул атындагы областтык  китепканада  150  миң нускадан ашуун  китеп  бар.

Автор:  Υмүт  Жума  кызы

Сүрөттөр  автордуку

Редактор:  Гүлзат  Газиева