«Кыргызгаз» калкты көгүлтүр отсуз калтырбай тургандыгын убадалады

«Кыргызгаздын»  башкы директору ишкананы орусиялык «Газпромго» сатуу маселеси январга чейин чечилбеген күндө да Кыргызстан көгүлтүр отсуз калбай тургандыгын айтып убада берди. Анын айтымында, учурда альтернативдик жеткирүүлөр боюнча Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кыргызстан эгер «Кыргызгазды» орусиялык «Газпромго» сатуу маселеси кечеңдеп калса жардам берип туруу жөнүндө учурдагы көгүлтүр от жеткирүүчүлөр — Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу журналисттер менен болгон жолугушуусунда «Кыргызгаздын» башкы директору Тургунбек Кулмурзаев билдирип, өлкөнүн жашоочуларын 2014-жылдан баштап үйлөрүндө газдын жок болушу ыктымалдыгынан коркпоого чакырды.

«Биз баары бир газы жок калбайбыз. Биз ошол эле маалда Казакстан жана Өзбекстан менен иштеп жатабыз», — деп билдирди ал.

Аны менен катар «Кыргызгаздын» башкы директору ишкана орусиялык «Газпромго» сатылаарына үмүт артып жатканын айтты .

«Эгер орусиялык долбоор ишке ашса газ жеткирүү маселелери менен «Газпром» өзү алектенип калат», — деди Кулмурзаев.

Акцияларынын 87 пайызына мамлекет ээлик кылган «Кыргызгаз» үстүбүздөгү жылдын июнунда активдеринин бардыгын шарттуу түрдө 1 долларлык баага сатуу жөнүндө «Газпром» менен келишимге кол койгон.

Бул үчүн «Газпром» «Кыргызгаздын» миллиондогон долларга жеткен учурдагы карыздарын толугу менен төлөп кутулууга макул болгон

Маселенин биротоло чечилиши үчүн макулдашуу парламенттин жактыруусунан өтүшү керек.

Бирок үстүбүздөгү аптада оппозициялык «Ата-Журт» жана «Республика» фракциялары макулдашуунун парламентте ратификацияланышына макул болбой коюшкан.

18-ноябрда «Ата-Журттун» лидерлеринин бири, депутат Акматбек Келдибеков «Кыргызгаз» менчиктештирүүгө жатпай турган объектилердин катарына кирээрин жана «стратегиялык маанидеги» мамлекеттик ишкананын башка өлкөгө берилишине каршы экенин билдирген.

Тагдырдын тамашасы менен анын эртеси Келдибеков салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда коррупциялык иштерген барган деген шек менен бийликтегилер тарбынан камакка алынган.

Автор: Кубан Макешов