Мамлекеттик укук коргоочулар камакка алынган депутат Келдибеков менен жолугушту

«Коррупцияга» шектелип кармалган парламент депутаты Акматбек Келдибеков акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине тергөө абагында ага кылган мамиле, шарттар жакшы экенин билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына барышкан мамлекеттик укук коргоочуларга Келдибеков мыйзамга каршы эч нерсе кылбагандыгын жана иштин объективдүү иликтенээрине үмүттү бар экенин айтты.

Депутат Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда, ошондой эле парламент төрагасы болуп турган кезде «коррупциялык иштерге барган» деген айыптоолор менен 20-ноябрда камакка алынган.

Келдибековдун айтымында, сотто аны үч юрист — мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана жактоочулар Искендер Журабаев менен Татьяна Чилникиналар коргошот.

Оппозициялык саясатчы акыйкатчынын аппаратанын кызматкерлерине Кыргызстандан чыгып кетүү ниети жок экенин билдирди.

Келдибеков Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ал ошондой эле 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат

Андан сырткары Келдибеков эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.
Оппозициялык саясатчы кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен кармалды деп эсептейт.

Учурда ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

Башкы прокурор Аида Салянованын айтымында, эгер Келдибековдун күнөөсү далилденсе ал 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.