Орто Азиядагы жалгыз лондондук дабл-декер

Лондондук бул классикалык эки кабаттуу автобустун Бишкекке алынып келгенине алты жыл болду. Ал өз ишин Улуу Британиянын борборундагы 12-каттамда баштаганы менен бүгүнкү күндө аны үлпөт тоюна же башка укмуштуудай кечелерге заказ кылып чакырса болот.

Андай дабл-декерлер ал эмес Лондондун көчөлөрүндө да сейрек учуроочу автобус  болуп калган.

«Рутмастер» маркасы менен чыгарылган акыркы классикалык автобус британдык борбордун каттамдарынан 2005-жылдын 9-декабрында чыгарылган. Ал күн шаар үчүн өзгөчө күн болгон, анткени «Рутмастерлер» дээрлик 50 жылдан ашык жүргүнчүлөрдү тейлөө менен шаардын символдорунун бири болуп калган.

Андан бери Улуу Британиянын борборунда жаңы автобустар гана колдонулат, ал эми калган  классикалык дабл-декерлерге жеке адамдар ээлик кылып калышкан — бүгүнкү күндө жалпысынан дүйнөдө алардын саны 1200дөн ашык.

Көбүнчө алар жарнама же көңүл ачуу максатында колдонулат.Алардын бири 2007-жылы «Топ Нотч» агенттиги тарабынан чылымды жарнамалоо үчүн колдонууга Бишкекке алынып келинген.

«Орто Азиянын аймагында мындан башка мындай автобус жок», —дейт «Топ Нотч» компаниясынын ангарынын жетекчиси Евгений Лопин.

Kloop.kgнин кабарчысы Нурмухаммед Атамбаевге Бишкектеги дабл-декерди видеого тартып алууга уруксат беришти:

«Рутмастер» Бишкекте, 2007-жыл. Чылымды жарнамалоо учуру.Автору: Бектур Искендер
«Рутмастер» Бишкекте, 2007-жыл. Чылымды жарнамалоо учуру.Автору: Бектур Искендер

«Рутмастер» алынып келингенден көп өтпөй Кыргызстанда чылымды эл алдында жарнамалоого тыюу салынган, мындан улам анын ээлерине бул өзгөчө автобусту колдонуунун жаңы жолдорун издөөгө туура келген.

«Бүгүнкү күндө ал үлпөт тойлору сыяктуу түрдүү иш-чараларды тейлей турган автобус катары кызмат кылууда», — деп түшүндүрдүЛопин.

«Рутмастер» конструкциясынын жөнөкөйлүгү жана көпкө чыдамдуулугу менен өзгөчөлөнөт — анын тулкусу алюминийден жасалган, демек аны дат баспайт.

«Автобусту түбөлүктүү десек болот. Чынын айтыш керек бирок азыркы кыймылдаткыч өзүнүкү эмес», — дейт Лопин.

Дал ошондуктан Бишкектеги бул экземпляры «Битлз» алгачкы альбомун чыгарган 1963-жылы чыккандыгына карабастан азыркыга чейин алгачкы чыккан калыбындагылай сакталып калган.

Автор: Нурмухаммед Атамбаев