Тендердик алдамчылыктар үчүн Ош мэриясынын мурунку чиновниктерине каршы кылмыш иши козголду

Ош прокуратурасы дээрлик 19 млн. сомдук пайдасыз келишим түзгөн деген айып менен Ош мэриясынын кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоду. Шаар бийлиги кылмыш иши козголгон адамдар азыр мэрияда иштебей тургандыктарын билдирүүдө.

Мэрия кызматкерлери Ошто мектеп курууда дээрлик 19 млн. сомдук пайдасыз келишим түзгөн деп айыпталып жатышат.

«Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдары тендердик комиссиянын мүчөсү болуу менен кызмат абалдарын ашыкча пайдаланышып, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан атайын пайдасыз келишим түзүшкөн», — деп жазылган прокуратуранын билдирүүсүндө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, тендердик комиссиянын мүчөлөрү болгон мэрия кызматкерлери соода жүргүзүүгө өзүлөрү катышышкан.

Оштун бийлиги прокуратура тарабынан айыпталып жаткан адамдар азыр шаар мэриясында иштебестигин айтып жатышат.

«Тендер 2011-жылы өткөрүлгөн. Ал тендерди өткөргөн кызматкерлер азыркы учурда мэрияда иштешпейт», — деди Kloop.kgге берген маегинде Ош  мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Бегимай Бекболотова.

Чиновниктердин эмне себептен мэрияда иштебей калгандыктарынын себептери белгисиз.

Автор: Талас Алымов