Видео: Келдибековдун жубайы ЖМКларды сотко бере тургандыгын билдирүүдө

«Коррупцияга» шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматова жолдошунун мүлктөрү тууралуу жазган ЖМКларды сотко бере тургандыгын билдирди.

Токтоматова бул билдирүүсүн Октябрь райондук соту жолдошу Акматбек Келдибековду эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгаргандан кийин жасады.

Ал «Дело №» гезити менен КТРК, «Бешинчи канал» жана ЭлТР телеканалдарын сотко берээрин билдирди   — анын айтымында, аталган жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) Келдибековдун үй-бүлөсүнүн мүлктөрү тууралуу репортаждарды жасашкан.

http://www.youtube.com/watch?v=Tbmj9ZgfXHc

«Мына бул мүлктөрдүн тизмеси, бирок бул силер ойлоп аткандай эмес, бул буйрутма. Ал байлыкты өзүбүз иштеп тапканбыз. Алар жарыялаган мүлктөрдүн жарымынан көбү бизде жок», — деп билдирди Токтоматова.

Ал ЖМКлар аркылуу жарыяланган мүлктөрдүн көпчүлүгү алардын үй-бүлөсүнө таандык эмес экенин сот аркылуу далидей тургандыгын айтты.

«Мен силерге аны сот аркылуу далилдеп берем. Менин жолдошума жалаа жапкандардын бардыгын чөгөлөтөм», — деди кармалган депутаттын жубайы.

Депутат Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда, ошондой эле парламент төрагасы болуп турган кезде «коррупциялык иштерге барган» деген айыптоолор менен 20-ноябрда камакка алынган.

Саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Келдибеков ошондой эле 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары Келдибеков эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен кармалды деп эсептейт.

Автор: Нурмухаммед Атамбаев