Жактоочу: Келдибековдун тергөө абагында кармалып турушу «негизсиз»

«Ата-Журттун» кармалган депутаты Акматбек Келдибековдун жактоочусу Искендер Журабаев ал жактоого алган парламентарий «негизсиз» кармалды деп эсептейт. Саясатчы 20-ноябрда «коррупциялык иштерге» барган деген шек менен кармалган.

Журабаев Kloop.kgге берген маегинде Келдибековдун тергөө абагында камалып турушу «негизсиз» экенин айтты — депутат «коррупция» беренеси боюнча шектелип, ага каршы 2010-жылы кылмыш иши козголгондо сотто жооп берүүдөн жашырынып качкан эмес.

«Ал тергөөдөн же соттон жышырынып калышы мүмкүн, же болбосо адилеттиктин орношуна каршылык көрсөтүп кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектениши мүмкүн деп шектенүүгө негиз жок болчу», — дейт Журабаев.

Жактоочу Башкы прокуратура Келдибековго каршы үч кылмыш ишин козгогонун жана алардын баары тең «коррупция» менен байланыштуу экенин кошумчалады.

«Тергөөчү мага ал (Келдибеков) Жогорку Кеңештин төрагасы болуп тургандагы кылган иштери үчүн кармалганын айтты, а Келдибеков аны башка факты боюнча, кирешелер боюнча мамлекеттик комитетти башкарып турганда коррупциялык иштерге барган делинип кармагандыктарын айтып жатат», — деди жактоочу.

Ал Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле Келдибеков 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары Келдибеков эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен кармалды деп эсептейт.

«Бүгүнкү козголуп аткан иштердин бардыгы – алар айтып жаткандай каржылык же болбосо административдик жактан мыйзам бузган, алып ичип-жеп алды дегендер чындыкка жатпайт», — деп билдирди ал.

Автор: Александра Ли