Милиционер ала качып кеткен кыз өз үйүнө алынып келинди

Кыздын туугандары аны милиционер ала качап кеткен үчүн укук коргоо органынын кызматкерине каршы арыз жазуудан баш тартышты — бул тууралуу акыйкатчы аппаратынын Талас облусундагы өкүлү билдирди.

Милиция кызматкери ала качып кеткен кыз ошол эле 23-ноябрь күнү кечинде кайрадан өз үйүнө жеткирилген.

«Милиция өтө тез иштеп койду. Окуя Казакстанга жакын Маймак айылында болгон. Суук болду, түн ичинде кызды таап Аманбаев айылына алып келдик. Мен кыздын туугандарына кайрылуулары керек болгон жерлердин баарынын номурун бердим», — деди Kloop.kgге берген маегинде акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Арзыкан Момунтаева.

Анын айтымында, бирок кыз дагы, анын туугандары да милиционерге каршы арыз жазуудан баш тартып коюшкан.

«Мен мындай окуяларды өтө көп билем, бирок баары кыргызчылык менен аяктайт. Мен алардын сүйлөшүп ала тургандыктарын болжолдоп жаткам. Бул биринчи жолу эмес да», — деди ал.

Кызды 23-ноябрь күнү күндүз Талас облусунун Кара-Буура районунун Кировка айылынан ала качып кетишкен.

Милиционер кызга үйлөнүү үчүн аны Маймак айылына алып барган, бирок кечинде аны кайрадан алып келген.

«Мага укук коргоо органынын өзүн Токтогул деп тааныштырган кызматкери ала качуу үчүн мыйзам тарабынан жаза каралганын билбегендей туюлду», — деди Момунтаева.

Автор: Улан Мырза