Ош-Эркештам унаа жолу Келдибековдун тарапташтары тарабынан эки күндөн бери жабык

Жолдун буулушу унаа тыгынын пайда кылды — кээ бир маалыматтар боюнча, анда 500 чамалуу унаа өтө албай турат. Демонстранттар «коррупцияга» шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылып жатышат.

Митингчилер Ош-Эркештам унаа жолун эки күндөн бери бууп турушат — «АКИпресс» маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, жолдо 500 унаадан турган тыгын пайда болгон.

«Азаттык» радиосу билдиргендей, жолдун Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылындагы бөлүгү тосулган.

Демонстранттар жолдун ортосуна үч боз үй тигишип, айдоочуларды өткөрбөй жатышат. Жалпысынан ал жакта 70 чамалуу митингчи чогулган.

Учурда анда милиция менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бар, алар митингчилер менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Демонстранттар «коррупция» беренеси боюнча шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылып жатышат.

Оппозициялык саясатчы учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта. Соттун чечими менен депутат ал жакта 2014-жылдын январынын ортосуна чейин камакта болот.

Келдибеков Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда, ошондой эле парламент төрагасы болуп турган кезде «коррупциялык иштерге барган» деген айыптоолор менен 20-ноябрда камакка алынган.

Ал Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Келдибеков ошондой эле 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары Келдибеков эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Эгер Келдибековдун күнөөсү далилденсе ал 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн — бул тууралуу башкы прокурор Аида Салянова 21-ноябрда депутаттардын алдында сүйлөп атып билдирген.

Оппозициялык саясатчы кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен кармалды деп эсептейт.

Сүрөттүн автору: Эрнист Нурматов