Ош-Эркештам унаа жолун ачуу үчүн милиция күч колдонбойт

Ички иштер министрлигинин өкүлү Kloop.kgге берген маегинде Ош-Эркештам унаа жолун ачуу үчүн милиция күч колдонбой тургандыгын билдирди. Учурда жол камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан тосулган.

Ош-Эркештам унаа жолундагы абал «оор» — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

Анын айтымында, жолду митингчилерден тазалоо үчүн милициянын күч колдонуу ниети жок.

«Демонстранттардын жолду ачышы үчүн алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү гана пландалып жатат», — деп билдирди Осмонбаев.

Анын айтымында, демонстранттар бүгүн милиция менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин жолду кыска мөөнөткө ачып, 200 чамалуу жеңил унааны өткөрүшкөн.

Бирок бир аздан кийин жол кайрадан буулган.

Демонстранттар жолдун ортосуна үч боз үй тигишип, айдоочуларды өткөрбөй жатышат. Жалпысынан ал жакта 70 чамалуу митингчи чогулган.

Учурда ал жерде сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатышкан милиционерлер менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бар.

Митингчилер коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылып жатышат.

Оппозициялык саясатчы учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта.

Келдибеков Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда, ошондой эле парламент төрагасы болуп турган кезде «коррупциялык иштерге барган» деген айыптоолор менен 20-ноябрда камакка алынган.

Ал Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Келдибеков ошондой эле 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары Келдибеков эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Эгер Келдибековдун күнөөсү далилденсе ал 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн — бул тууралуу башкы прокурор Аида Салянова 21-ноябрда депутаттардын алдында сүйлөп атып билдирген.

Оппозициялык саясатчы кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен кармалды деп эсептейт.

Автор: Белек Мамакеев