Бишкек: №1 тергөө абактагы камактагылардын жарымынан көбү ачкачылык жарыялады

Бишкектеги №1 тергөө абагындагы камактагылар мекеме жетекчилигинен андагы “авторитеттердин” камераларынын эшиктеринин ачылышын талап кылып жатышат.

Учурда №1 тергөө абагында жалпы камактагылардын жарымынан көбүрөөгү ачкачылык жарыялашты — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде мекеменин башчысы Марс Жусупбеков билдирди.

Ал камактагылар андагы кадыр-баркка ээ болгон “авторитеттердин” камераларынын эшиктеринин ачылышын талап кылып жаткандыктарын айтты.

Жусупбековдун айтымында, алардын бул талаптарынын аткарылышына камактагылардын арасында Лимонти деген каймана ат менен белгилүү болгон криминал төбөлү Алмаз Сулайманов көмөк көрсөтө алышы мүмкүн. Учурда ал №50 тергөө абагында камакта.

«Алар анын (Сулаймановдун) бул жакка, №1 тергөө абагына которулушун талап кылып жатышат. Ал буларга абакта кадыр-баркка ээ адамдардын эшиктеринин ачылышы маселесин жөнгө салып берээрин айтып убадалаган», — деди Жусупбеков.

Анын айтымында, азыр тергөө абагындагы абал «туруктуу». Бүгүнкү күндө анда жалпысынан 1400 чамалуу адам камакта жатат.

«Бул ачкачылык акциясы көпкө созулбайт деп ойлойм, анткени алардын талаптары мыйзамсыз. Ал талаптарды эч ким аткарбайт», — деп билдирди №1 тергөө абагынын башчысы.

Мекеме башчысы ачкачылык акциясы башталганга чейин камактагылардын ал жактагы шарттарга нааразычылыктары жок болгондугун кошумчалады.

№1 тергөө абагындагы камактагылар менен байланышкан укук коргоочу Динара Муканбаева Kloop.kgге берген маегинде ачкачылык акциясы «тергөө абагындагы шарттардын начардыгынан» улам башталгандыгын билдирди.

«Ал жакта аба жок. Камераларда адамдар көп. Анда бир камерада 20-30дан адамдар жатышат, ал эми анда болгону 8-10 керебет бар», — деди ал.

Анын айтымында, камактагылар камералардын эшиктериндеги кичинекей эшикчелердин — «кормушкалардын» — жабык тургандыгына нааразы болуп жатышат.

«Камактагыларга кийимдерин камерада өзүлөрүнө жууп, ошол эле жерге жайууга туура келип жатат. Алардын кийимдери ным», — дейт укук коргоочу.

Муканбаева камактагылар ошондой эле медициналык текшерүүлөрдүн жоктугуна да даттанышканын кошумчалады — анын маалыматтары боюнча, тергөө абагында болгону бир гана дарыгер бар, ал камактагылардын бардыгын кароого жетишпейт.

Автор: Айзирек Алмазбекова