Кызматка дайындалаарда «жасалма документ» көрсөткөндүгү үчүн Панфилов районунун акими камакка алынды

Чүй облусунун Панфилов районунун башчысы Тимур Молдокулов кызматына дайындалып жатканда айыл башкармалыгында иштегендиги тууралуу документтерин алмаштырып, жасалма документ көрсөткөн — бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Молдокуловго каршы «кызматтык документтерди алмаштыруу» жана «жасалма документтерди даярдоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Чиновник 2000-жылдан 2004-жылга чейин Чүй облусунун Сокулук районундагы Биринчи май айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис болуп иштегендиги жөнүндөгү документтерди жасалмалар менен алмаштырган деп айыпталып жатат.

«Жасалма документтердин көрсөтүлүшүнүн жыйынтыгында 2013-жылдын июлунда премьер-министрдин буйругу менен Молдокулов Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалган», — деп билдирди ИИМ.

Талаптарга ылайык, район башчылыгы кызматына дайындалыш үчүн чиновниктин эмгек стажы 5 жылдан кем болбошу керек.

Учурда Молдокулов ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Милиция накта документтерди алмаштыруу жана жасалма документтерди даярдоо фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.