Видео: Эсеп палатасынын тескөөчүсүнүн кармалышы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 47 миң сом өлчөмүндө «пара талап кылгандыгы» үчүн Эсеп палатасынын тескөөчүсү кармалды.

http://www.youtube.com/watch?v=dNbubIUkZR0

Аты-жөнү айтылбай жаткан чиновник пара алып жаткан жеринен 23-ноябрда кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жер-Казар айлынын бала бакчасын оңдоо менен алектенип жаткан куруучу компаниянын жетекчилигинен 47 миң сом пара талап кылган.

Чиновникке каршы «кызмат абалын ашыкча пайдалануу» жана «пара талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган адам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта. Тергөө иштери жүрүп жатат.