Бишкек: Эс-учун жоготуп жыгылган гвардиячы медициналык текшерүүдөн өтүп жатат

Бишкектин борбордук аянтында мамлекеттик желекти кайтарып турган гвардиячылардын бири бүгүн күндүз эс-учун жоготуп жыгылды. Анын абалы нормалдуу деп бааланууда, учурда ал медициналык текшерүүдөн өтүп жатат.

Окуя 27-ноябрь күнү күндүз Бишкектин борбордук аянтында болгон.

Улуттук гвардиянын тарбия иштери боюнча директору Таалайбек Мырзабаев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде учурда  аскер кызматкери өзүн жакшы сезип жатканын билдирди.

«Азыр ал медициналык текшерүүдөн өтүп жатат, эгер анын ден соолугу жакшы болсо эртең сменге чыгат», — деди Мырзабаев.

Автор: Талас Алымов

Сүрөттүн автору: Janik Esen аттуу колдонуучу.