Эски асма көпүрө кооптуулук жаратууда

Алай районунун Гүлчө айылындагы узуну 100 метрдей, туурасы 1 метр келген асма көпүрө оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Акыркы 2-3 жылдан бери такыр каралбагандыктан, өтүүгө кооптуу болуп калган. Жергиликтүү бийлик көпүрөнү калыбына келтирүүгө кажыадан каражат каралбагандыгын айтат.  

Гүлчө айылынын тургуну Майрамкан Жаркынбаева Гүлчө айылы менен Чаткы-Мазар айылын бириктирген асма көпүрөнүн абалы оор экендигин, кээде жаш балдардын кырсыкка кабылган учурлары болорун айтат.

«Менин эки кызым бар. 4- 5-класста окушат.  Кар жаап тайгалак болгон учурларда аларды асма көпүрөдөн өзүм өткөргөнгө туура келет. Эртең менен окуган жаш балдар тайгаланып, түшүп кеткендери да болот. Курукчулукта билинбейт деле. Асма көпүрөнүн бүгүнкү күндөгү абалы өтө оор. Солкулдап араң турат»,-дейт Майрамкан.

Майрамкан Жаркынбаева
Майрамкан Жаркынбаева

Ал эми Калыйнур Бакыевдин  үйү асма көпүрөнүн жанында болгондуктан, жашы улгайгандар андан тез-тез жардам сурап турарын айтты.

Калыйнур Бакыевдин
Калыйнур Бакыев

«Үйүм ушул жерде жайгашкандыктан, өтө албагандар биринчи эле мага барышат. Азыр асма көпүрөнүн абалы талапка жооп бербейт. Бул жерден эл малын айдап өтөт, жаштар келип секирип ойной беришет. Көпүрө кыйшайып калгандыктан, карылар өткөнгө кыйналышат»,-деди Калыйнур.

Бул көпүрөдөн өтүп баратып кырсыктагандар көп эле болот. 11-класстын окуучусу Ислам Талипжанов  көпүрөнүн кооптуу экендигин, кээ бир такталары түшүп, байкабагандар бутун кокустатып алышарын айтат.

Ислам Талипжанов
Ислам Талипжанов

«Асма көпүрө ремонт боло элегине 2-3 жыл болуп калды. Мурун  оңдоо-түзөө  иштерин жүргүзүп турушчу. Азыр карабай коюшту. Көпүрө эңкейип, кулаганы калган. Зорго өтөбүз, оңдоп коюшса жакшы болмок эле»,-дейт Ислам мырза.

Окуучуларга боору ооруган Шералы Эргешов көпүрөнү жылда өз каражатына эле оңдоп келген. Бул жылы тактай ж.б. каражатынын жоктугунан оңдолбой турганын белгилейт.

«Көпүрөнү жыл сайын оңдогонго аракет кылам. Ошол жердеги такталардын баары меники. Бул жердин жашоочуларына «келгиле оңдоп коелу» десем, «сен кыла бер, биз сага материалдык жардам беребиз» деп кайдыгер мамиле жасап коюшту. Мага акчанын эмне кереги бар? Азыр кулайын деп турат. Чогуу ашар кылып оңдоп койсок, жакшы болмок. Ар жыл сайын өзүмүн жаныман такта кое берип, тактам деле калган жок»,-дейт Ш.Эргешов.

Шералы Эргешов
Шералы Эргешов

Жергиликтүүлөр көпүрөнүн курулганына 40 жылга чукулдаганын айтышат. Көпүрөнү кармап турган тирөөчтөрүнүн бири бошоп калгандыктан, бир капталына оой баштаган.

Жергиликтүү бийлик бул көпүрөнүн калыбына келтирилишине жоопкер эместигин белгилейт. Гүлчө айыл өкмөтүнүн  башчысы Болотбек Таиров  асма көпүрө мамлекеттин балансында эмес экендигин, ал бир адамдын демилгеси менен курулуп калгандыгын айтты.

Болотбек Таиров
Болотбек Таиров

«Асма көпүрө, негизинен, биздин аймакта жайгашкан. Бирок, ал Калматов Айти деген аксакалдын демилгеси менен тургузулган. Жылда өзүнүн балдары оңдоп турушчу. Биз азыр киребериштеги көпүрөгө дамба куруп жатабыз. 300 метри курулуп бүттү, дагы 200 метр курулушу керек.  Ал дамбага  мамлекет тараптан 10 млн сом акча бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 6 млн 400 миң сом сарпталды. Ошол чоң көпүрөдөн эле коопсуз өтүүгө болот»,- дейт Болотбек мырза. Айтымында, эски асма көпүрөдөн эле эмес, ошол чөлкөмдөгү чоң көпүрөдөн эле өтсө болот.

Асма көпүрөнүн узундугу 100 метрге жакын, туурасы 1 метрдей.

Автор: Акматова Адашгүл

Сүрөттөр  автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева