Өкмөт кумарканаларды легалдаштыруу идеясын колдойт

Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында өкмөттүн парламенттеги өкүлү министрлер кабинети кумарканаларды легалдаштыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун колдоого даяр экенин билдирди — бул тууралуу «К-Ньюс» маалымат агенттиги билдирди.

Кылычбек Абышев өкмөт Кыргызстанда кумар оюндарын легалдаштыруу жөнүндөгү «Ар-Намыс» фракциясынын депутаттары сунуштаган мыйзам долбоорун колдоого ниеттенип жатканын билдирди.

«Өкмөт экономика менен бюджетке жооптуу болгондуктан ал мыйзам долбоорун колдоого ниеттенүүдө», — деп жазган «К-Ньюс» Абышевдин айткандарын.

Мыйзам долбоорун талкуулоого катышып жаткан президенттин аппаратынын өкүлү кумар оюндарын легалдаштыруу идеясын колдобостугун билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Игорь Гусаров кумар оюндарын легалдаштыруу Кыргызстандын бюджетине 1 млрд. сом алып келет деп эсептейт.

«Кумарканалардан түшкөн каражаттар социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө гана жумшалат. Алсак, бир бала бакчанын баасы 100 миллион сомдун айланасындагы каражатты түзөт. Жылына ондогон бала бакча курса болот», — деп жазган 24.kg. маалымат агнеттиги Гусаровдун айткандарын.

Кыргызстанда кумар оюндарына тыюу салуу мыйзамы 2012-жылдан бери иштеп келүүдө.

Мораторий 2011-жылдын сентябрындагы жыйында депутаттардын көпчүлүк добушу менен колдоого алынган — ага ылайык, букмекер конторалары жана тотализаторлордон башка кумар оюндары ойноло турган жайлардын бардыгынын ишмердүүлүктөрүнө тыюу салынган.

Тыюу салууга кумарканалардын «кумар оюндарына берилген адамдардын адеп-ахлагына жана психикалык абалына терс таасирин  тийгизгендиги» себеп болгон.

Автор: Дильшад Камирдинов