Лейлек: Сынч үй - тынч үй

Баткен облусунун Лейлек районундагы үйлөрдүн 90%ы сынч үйлөр. Сынч үйдү курууда дээрлик бардык курулуш материалдар жергиликтүү элдин өзүнөн чыгат. Үйдүн 80%ы жыгачтан. Жергиликтүүлөр мындай үйлөрдүн жер титирөөгө чыдамдуу келерин белгилешет.

Баткен облустунда үйлөрдүн көпчүлүгү сынч ыкмасы менен салынган. Жергиликтүү элдин айтымыда сынч үйлөр жер титирөөгө туруктуу, курулуш материалдары да өздөрүнөн чыгарат. Баткенде 90% пайыз үйлөр  сынч ыкмасы менен курулган.

3 сынч

«Өзгөрүш айылында мындан  3 жыл мурун жер титирөө болуп, үйлөр дээрлик зыян тарткан жок. Бир аз гана жаракалар болду. Кыргызстанда ушундай үйлөр көп курулса жакшы болмок. Материалдарыбыз да өзүбүздөн чыгат. Үй куруу үчүн атайын устанын деле кереги жок. Өзүбүз деле курабыз. Бизде үй куруу үчүн көп каражат кетпейт: жыгач жана топурак болсо эле үйүбүз бүтөт»-дейт Катраң айылынын тургуну  Ырыс Кубанычбеков.

Сынч үйлөрдүн туруктуулугу 50, айрымдары 100 жылга чейин жетет. Ата-бабаларыбыздын «сынч үй - тынч деген» сөзү бар дешет жергиликтүү эл. Лейлек районунда дээрлик үйлөрдүн баары эле сынч жолу менен курулат.

Турак-жай курууда жарандар атайын адистерге, архитекторлорго кайрылышы керек. Лейлек районунун  башкы архитектору Рахматулла Дүйшабаевдин   айтымында, азыр кээ бир жарандар эки кабат сынч үйлөрдү адистердин кеңеши менен куруп жатышат.

Рахматулла Дүйшабаевдин
Рахматулла Дүйшабаевдин

«Лейлек районунда дээрлик баары сынч үйлөр. Үй куруда бизге келип кайрылган жарандарыбызга чиймесин чийип, көргөзүп беребиз. Сынч үйдү курууда өтө тактык керек. О.э. чатырлары үч бурчтук формада болушу зарыл. Мурда жөн гана жыгачтар менен курушса, азыр зымдарды кошуп куруп жатышат. Үйдү курууда көп деле кыйынчылык болбойт. Негизгиси, материал өзүбүздөн чыгат»,- деди башкы архитектор Рахматулла Дүйшөбаев.

Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов мындай үйлөр жер титирөөгө турукту, каражат да көп кетпей турганын билдирди. Анткен менен, келечекте мындан да бышык, чыдамдуу үйлөрдү куруу зарылдыгын белгиледи.

Тилеберди Арипов
Тилеберди Арипов

«Ооба, бизде сынч үйлөр  көп, аларды өзүң бузбасаң, көп  жылга чейин чыдайт. Биз мындан да бышык үйлөрдү куруубуз керек. Бизде атасы салган үйдү баласы бузат. Анткен менен биз туруктулугу 10 кылымга жетерлик үйлөрдү курушубуз керек»,- деди Тилеберди Арипов.

Автор: Гүлзар Осмонали кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева