Сагынганда сен келерсиң Ала-Тоону көргөнү

Фото: http://www.google.kg

Кыргызстандан чет өлкөлөргө иштегени чыгып жаткандардын көпчүлүгү муктаждыктан экендигин айтышат. Орусияга эле 800 миңдей кыргызстандык чыгып, алардын 250 миңдейи орус жарандыгын алышкан. 

Он беш жылдан бери Орусия мамлекетинде иштеп жүргөн Дуния Шамиева 2 баланын энеси. Ал соода-сатык менен алек болуп, учурда жеке ишкер. Орусияга кеткенин себеби - маянанын аздыгы болгон.

Дуния Шамиева
Дуния Шамиева

«1998-1999-жылдары Омск шаарында соодада иштедим. 2000-жылдан ушул убакка чейин Самара шаарындамын. 2005-жылы Орусиянын жарандыгын алгам. Жарандык алганга чейин катуу текшерчү. 3 айлык пропискага турсак да, документтерибиз толук болсо да, жокко санап штраф төлөткөн күндөр көп болгон. Андан сырткары суткалап камап коюшчу. Жарандык алган соң жеңилдик көп болду. Учурда Кыргызстанда иштегим келет, айла жоктон жүрөбүз»- дейт Дуния Шамиева.

Ал кошумчалагандай, Орусияда жакшы каражат табууга болот, Орусия жарандыгын алганда бир топ жеңилдик болот,  Кыргызстанда айлык маяна аз, тиричиликке араң жетет.

Ал эми Майрамгүл Осмонбаева  Орусияга келгенде документ маселесинде кыйынчылык тарткан. Убагында кыйынчылык болсо да, көбүн эсе бутуна турганын кошумчалады.

«Сырттан окуу бөлүмүндө окуп жаткан мезгилде Орусияга кеттим. Башында аябай кыйналдым. Документтерибизди кууп текшеришчү, «черныйлар» деп жаман көрүшчү. Москва шаарында кыргыздар көп. Мекендештерибиз каражат топтоо максатында келип жатышат. Батирлер кымбат, 1 бөлмөдө 10дон ашуун жашачубуз. Оң-терс жактары бар, өзүбүздүн өлкөгө кайдан жетмек?»-деди Майрамгүл Осмонбаева.

Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун адиси Салима Исмаилова биздин жарандар иштөө үчүн келишим менен көбүнчө Кореяга жана Орусияга кетип жатышканын белгиледи.

Салима Исмаилова
Салима Исмаилова

«2007-жылы Корей өлкөсү менен Кыргызстан эмгек мигранттарын жумушка орноштуруу боюнча кол коюшкан. Быйыл түштүк региону боюнча Кореяга 731 квота берди. Шарт боюнча корей тили боюнча экзамен тапшырып, андан 320сы өттү. Орусия мамлекети учурда мигранттарга каттуу тартипти талап кылып жатат, бул мыйзамдуу көрүнүш. Орусияда болжолдуу 700-800 миңдей кыргызстандык бар. Анын 250дөн ашыгы орус жарандыгын алышкан. Андан сырткары Санкт- Петербург шаарына завод-фабрикага жумушчу керек деп айтышат, бирок бизде андай адистер жок»,- деди С.Исмаилова.

Чет өлкөгө барган мигранттардын арасында өз укуктарын толук билбей кеткендер кыйынчылык тартарын кошумчалады ал.

«Биз дайыма кайрылгандарга кенен жооп беребиз, брошюралар дагы бар. Башка өлкөгө кетип жаткандарга кеп-кеңеш берилет»-дейт Салима айым.

Оштогу «Юристан» юридикалык компаниясынын президенти Максатбек Жорокуловдун айтымында мигранттар  өз укугун жана барган өлкөнүн мыйзамдарын билбегендиктен маселе чыгат.

«Укук маселе так жазылган жана ошол маселени далилдөөчү документтер менен каралышы керек. Биздин жарандар укук маселеси тууралуу маалымат алышпайт. Башка мамлекетке чыкканда кандай тийиштүү документ алып жүрүүлөрүн билишпейт. Ал жакта ким алардын укугун коргойт ушул тууралуу билими жок. Ошол мамлекеттин тилин билишпейт, жетиштүү өздөштүрүшкөн эмес. Барган мамлекетинин мыйзамы менен жашаш керек. 90% биздин жарандардын катачылыгы бар. 3 жылдык тажрыйбамда бир дагы сыртка чыгып жаткан жаран кайрылган  жок»-деди Максатбек Жорокулов.

Кыргызстандан чет өлкөгө иштегени кеткен мигранттардын саны бейрасмий маалыматтар боюнча 1 млндон ашык.

Автор: Айдана Камчыбек кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева