Саруулуктар Балыкчы-Каракол унаа жолун ачышты

Демонстранттар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Балыкчы-Каракол унаа жолун ачышты. Митингчилер өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушууну жана камакка алынган айылдаштарынын бошотулушун талап кылып жатышкан.

Жол 26-ноябрь күнү кечинде саруулуктардын Жети-Өгүз районунун акими жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы менен болгон жолугушуусунан кийин ачылды — бул тууралуу «Азаттык» радиосу сайтында жазган.

Бирок саруулуктар 27-ноябрь күнү түшкө чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев менен жолугушпаса жолду кайрадан бууй тургандыктарын билдиришкен.

Каптагаев демонстранттар менен бүгүн эртең менен жолукту, бирок ал жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу азырынча маалымат жок.

Саруулуктар «Кумтөр» кенинин улутташтырылышын жана октябрдын башында Караколдо өткөн митинг маалында кармалган айылдаштарынын бошотулушун талап кылып жатышкан.

«Азаттык» радиосунун билдирүүсү боюнча, Балыкчы-Каракол унаа жолун тосууга 100дөй чамалуу киши катышкан, алардын жарымы атчан болушкан.

«Азаттыктан» видео: Балыкчы-Каракол унаа жолунун буулушу

Саруулуктар «Кумтөрдүн» улутташтырылышы үчүн

Саруу айылы акыркы эки жылдан бери бийлик менен оппозициянын ортосундагы тирешүүлөрдүн негизги темасы болуп калган «Кумтөр» алтын кени менен бир райондо жайгашкан.

Оппозиция канадалык «Центерра Голд» компаниясынын башкаруусундагы кендин улутташтырылышын талап кылып жатат.

Кенди мамлекеттин менчигине өткөрүү идеясынын тарапташтары күзүндө «Кумтөр» боюнча бир нече жолу митингдерди өткөрүшкөн.

7-октябрда «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен Караколдо өткөн митингге негизинен Саруу айылынын жашоочулары катышышкан.

Анда саруулуктар өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди төрт саатка барымтага алуу менен облустук администрация имаратын эки жолу басып алууга аракет кылышкан, бирок жыйынтыгында милиция аларды кууп тараткан.

Ошол эле түнү 23 киши кармалган, алардын 13ү бүгүн да камакта. Аларга каршы Кылмыш кодексинин барымтага алуу сыяктуу бир нече беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.