Видео: Бишкек тургуну «жүрөк оорусунан» улам шаар борборунда каза болду

Kloop.kgнин кабарчысы Бишкектин борборундагы аялдамалардын биринде жашы өтүп калган адамдын өлүмүнө күбө болду. Окуя болгон жерге келген медициналык эксперттердин айтымдарында, шаар тургуну жүрөк оорусунан улам каза болгон.

Күбө тарабынан тартылып алынган видео:

Окуя болжол менен саат 16:40тарда Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Kloop.kgнин кабарчысы тарабынан сурамжыланган сатуучулар ал адам аялдамада отурганын жана күтүүсүздөн жерге жыгылып түшкөнүн айтышты.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери берген суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты. Алар каза болгон адамды гезиттер менен жаап медициналык эксперттердин келишин күтүп турушту.

Каза болгон адамдын аты-жөнү белгисиз.

Автор: Егор Бызов