Аракечтиктен дарыланса болот

Оштогу наркологиялык ооруканага аракечтиктен дарыланууга келгендердин саны көбөйүүдө. Алардын 5%ы аялдар, 95%ы эркектер. Андан сырткары дарылануудан уялып, ооруканага кайрылбагандар да бар.

 

Ош шаарындагы наркология ооруканасында Бакыт (аты өзгөрүлгөн) 20 күн ичинде аракечтиктен дарыланганын айтат. Ал башында достору менен майрамдарда, тойлордо ичсе, кийин себепсиз иче баштаган.

Оштогу наркология борбору
Оштогу наркология борбору

«Арак ичүү акырындап көнүмүш адатка айланып, көп ичип калдым. Наркология ооруканасы жөнүндө менин жубайым билип келди да, ал жакта дарыланууга көндүрдү. Башында көнгөн эмесмин, анткени уялгам. Бирок акырында балдарымды карап олтуруп, дарыланууну чечтим. Ал жактан дарыланып чыккандан өзгөрүш бар. Азыр аракты таптакыр каалабайм деп айта албайм, бирок өзүмдүн дозам менен ичип, өзүмдү токтото алам», - дейт каарман.

Ош шаарынын тургуну Эрнис Нурматовдун айтымында, эгерде адам кичине кезинен бир аздан спирттик ичимдикке көнүп турса, кийин чоңойгондо өз өлчөмүн билип калат да, мас болбой өзүн маданияттуу алып жүрө алат.

«Көбүнчө адамдар кечелерге, тойлорго барып эле иче баштайт да көнүп калат. Же болбосо үй-бүлөлүк же социалдык көйгөйлөр болсо, унутуу үчүн ичишет. Кийин аны тамеки чеккендей эле дене талап кыла баштайт. Мисалы, Кавказда вино баалуу ичимдик. Ата-энелери аны балдарына жаңы төрөлгөн ымыркай кезинен эле бере башташат. 5-6 айлык болгондо 1 кичине чыныдан ичип калышат. Чоңойгондон кийин алар өздөрүнүн дозасын билип калышат  да, берилбей, өзүн кармай алышат», - дейт Э.Нурматов.

Ал аракечтик көбүнчө айыл жергесинде болорун айтат. Анткени, талаа иштерин транспорт кылып калгандыгы үчүн, эркектер достору менен карта ойногончо ичип олтуруп мас болуп калышат.

«Мен да, негизинен, ичем. Бирок чоң себеп же майрам болгондо гана. Досторубуз менен отуруп сыра же коньяк ичип калабыз. Албетте чеги менен. Азыр аракечтиктен дарылануу үчүн көбүнчө ооруканаларга барышат. Молдолорго барып окуткандар, коркутуп койгондор да бар. Бирок, ал менен, албетте, толук таштап кое албайт»,- деди Эрнис мырза.

Таштемир Атабаев
Таштемир Атабаев

Ош облус аралык наркологиялык борборунун амбулаториялык-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы Таштемир Атабаев  аракечтикке шарт болуп, тез-тез ичип турса 1-2 айда эле көнүмүшкө айланып каларын билдирет.

«Азыркы убакта арак ичүү каада-салтка эле айланып калды. Анын үстүнө  сапатсыз спирттик ичимдиктер көп сатылууда. Сапатсыз деген аракта зыяндуу заттар бар. Бул болсо тез көз карандылыкка алып келет. Эгерде ичүүнү жаш кезинен эле баштаса, анда кийин аны таштоо кыйын болуп калышы мүмкүн. Эгерде, травма алып же мээге доо кеткен убакта ичсе, анда аз убактын ичинде ичкиликке берилип кетет», - дейт Т.Атабаев.

Анын айтымында көбүнчө адамдар жалгыз калып, айлыгы аз болуп үй-бүлөсүн бага албай кыйналганда өзүн алаксытуу үчүн ичишет. Ошол бойдон көзкарандылыкка  чалдыгып, кийин кумарга айланат.

«Мисалы 1-2 айда той-тамаша болуп турса, анда сөзсүз спирттик ичимдик ичилет. Эгер той-топур жыл сайын кайталанса, көнүмүш адатка айланып калат. Көбүнчө адамдар дарылануудан уялып, же жашмын деп дарыланбай коюшат. Бул туура эмес. Дарылануудан эч качпаш керек, болбосо кеч болуп калышы, айыкпас ооруга алып келиши мүмкүн. Бизге келген кардарлар эгер каалабаса, алардын аттарын сурабайбыз, жашыруун түрдө да дарылайбыз», - деди Таштемир Атабаев.

Автор: Назгүл Мадазимова

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат  Газиева