Бишкек: «Хизб ут-Тахрирге» үндөгөн адам кармалды

Атайын кызматтагылар тарабынан 13-ноябрь күнү Кыргызстанда экстремисттик деп табылган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөсү кармалган.

«Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсүнө каршы Кылмыш кодексинин 299-беренеси менен каралган «улуттук, расалык, диний жана диндер аралык кастыкты козутуу» боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам бишкектиктерди жана анын айланасындагы конуштардын жашоочуларын уюмга үгүттөп тартуу менен алектенип келген.

Ыкчам топтун кызматкерлери тарабынан анын үйүнөн көптөгөн тыюу салынган адабияттар жана «диний-экстремисттик» багыттагы материалдарды камтыган элетрондук маалыматтарды алып жүрүүчү дисктер алынган.

Учурда аталган уюмдун мүчөсү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.