Бишкек мэриясын коррупция менен күрөшүүгө үйрөтүшөт

Борбордун бийлиги коррупция менен күрөшүү тармагындагы Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши менен кызматташуу боюнча макулдашты – бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Кол коюлган макулдашууга ылайык, Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш шаар мэриясынын кызматкерлерин коррупция менен күрөшүүгө үйрөтөт.

«Биргелешкен кеңешмелер, тематикалык семинарлар жана коррупция маселеси боюнча такшалмалар өткөрүлөт. Корруцияга каршы аракет кылуу боюнча алгылыктуу жалпы ыкмаларды иштеп чыгуу пландалууда», — деп жазылган мэриянын билдирүүсүндө.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кызматташуу төмөнкү багыттар боюнча ишке ашат:

  • коррупцияга каршы күрөшүү саясатынын институттук жана укуктук негиздерин жакшыртуу;
  • коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга байланышкан демилгелерди сунуштоо жана талкуулоо;
  • Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери үчүн коррупция менен күрөшүү, коррупциянын келип чыгуу булактары, анын кесепеттери, ошондой эле муниципалдык кызматкердин коррупциялык иштерине таасир эте турган жана жаңы ыкмалар менен технологияларды колдонуу менен муниципалдык кызмат системасында пайда болгон коррупциялык көрүнүштөрдүн негизги формалары жөнүндө үйрөтүүчү курстарды өткөрүү;
  • Республикадагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий абалдагы тенденцияга жараша коррупциянын өнүгүшү ыктымалдыгын божомолдоо.