Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө даярбы?

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө калк арасында каршы пикир айткандар көп. Жумушсуздук күчөп, кымбатчылык болуу коркунучу бар дешет. Айрымдар муну саясий кадам катары да карашууда.

Ош шаарындагы жеке ишкер Искандер Субанкуловдун айтымында, Бажы биримдигинин Кыргызстанга такыр пайдасы жок: жеке ишкер болобу, жөнөкөй жаранбы, баарына терс таасирин тийгизет.

Искандер Субанкулов
Искандер Субанкулов

«Серепчилер дагы айтып өтүштү, пайдасы өтө аз деп. Баалар бирдей болуп кала турган болсо, биз Орусияга барып иштешибиз керек, же баары Орусияга кетиш керек. Баалардын кымбатташы бизге да таасирин тийгизет. Ишкерби, жөнөкөй адамбы, мамлекеттик кызматкерби, баарына таасирин тийгизет. Бизде өндүрүш жок, ошондуктан кыйналып калабыз. Товар Кытайдан келбей калса, бул - соодагерлерге кыйын, алар эмнени сатышат?»-дейт Искандер Субанкулов.

Ал эми соода-сатык жүргүзгөн Дуния Шамиеванын айтымында, Кыргызстанда өндүрүш дээрлик жоктугуна байланыштуу Бажы биримдигине кирсек, калк кыйналат.

Дуния Шамиева
Дуния Шамиева

«Кыргызстан Бажы биримдигине кирбеши керек. Зыяны көп, пайдасы аз. Бизде экспортко кете турган товарларыбыз жок. Завод, цех, фабрикаларыбыз жок. Эгер мамлекетибиз өндүруштүк завод курушса, анда бизге пайда болот. Азыркы учурда бизде шарт деле жок»,-деди Д.Шамиева

Калк арасында Бажы биримдигине кирүүгө каршы пикирин айткандар көбүрөөк.

Ош шаарынын тургуну Акылай Каримова Бажы биримдигине кирүү менен  Орусияга көз каранды болуп калабыз деп кооптонот.

«Бажы биримдигинин зыян-пайдасы боюнча экономисттер пайыздык көрсөткүчтөр менен далилдүү айтып беришет. Бажы биримдигине кирсек,  Орусияга андан да көз каранды болуп калабыз. Кичинекей өлкө болсок, экономика жагынан күчтүү болбосок, өзүбүз өзүбүздүн эле колубузду байлагандай болобуз, анткени экономикабыз Орусиянын сөзү менен болуп калат»,- деди Акылай айым.

Бажы биримдигине Кыргызстандын кирүүсүн элдин талкуусуна коюп, кеңири түшүнүк берүү зарылдыгын белгилейт эксперт Төлөгөн Келдибаев.

 Төлөгөн Келдибаев
Төлөгөн Келдибаев

«Бажы биримдигин коомчулуктун талкуусуна койсок жакшы болмок. Бажы биримдигине кирген Россия, Белорусия, Казахстанда эмгек акы жогору. Биздин мамлекет да ошого ылайык пасобие, эмгек акыларды жогорулатышы керек. Бүгүнкү күндө казынабызда андай каражат жок. Бажы биримдике кирсек Орусия мамлекетине көз каранды болуп калышыбыз мүмкүн. Автоунаалар да чет өлкөдөн кымбат баада келиши мүмкүн. Өзүбүз эч кандай экспорт чыгара албасак, импорт менен жашап жатсак Бажы биримдигинин Кыргызстанга эч кандай деле пайдасы жок»- дейт Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча Ош облустук инспекциянын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев.

Ал кошумчалагандай, өлкөдөгү Дордой жана Кара-Суу ири базарларда 100 миңдеген соодагерлер тиричилик кылып жатышат. Ошончо үй-бүлөнү өкмөт жумуш менен камсыз кылышы керек деген пикирин айтты.

«Ири базарлардагы жүз миңдеген үй-бүлөнү мамлекет жумуш орундары менен камсыз кылып берүүгө күчү жетеби? Орусияга баш ийбегенге да арга жок, аларга көз карандыбыз»,-деди Төлөгөн Келдибаев.

Бажы биримдиги боюнча коомчулукта талкуулар жүргүзүлүп ;жатат
Бажы биримдиги боюнча коомчулукта талкуулар жүргүзүлүп ;жатат

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн зыян-пайдасы тууралуу жер жерлерде коомчулукта талкуулар жүргүзүлүп, оң-терс жактары таразага салынып жатат.

 Автор: Айдана Камчыбек кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева