Парламент вице-премьердин фирмасынын тендердеги жеңиштерин иликтеп баштады

Вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин мүлкүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Текшерүү чиновниктин туугандарына таандык фирма бир нече тендерден катары менен утуп алгандан кийин демилгенген.

Комиссиянын курамына парламенттеги ар бир фракциядан экиден депутат кирди. Текшерүүнү «Республика» партиясынын депутаттары демилгелеп чыгышкан  — бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги кабарлады.

Вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин мүлкүн текшерүүнүн демилгеленишине «Дело №» гезитине басылып чыккан «Куратор экономики… и семейного бизнеса в ней?» аталышындагы макала себеп болгон.

Комиссия Сарпашевдин туугандарына таандык фирманын тендерлердеги жеңишине анын тиешеси бар же жок экендигин текшерип чыгышы керек.

«Дело №» гезитинин маалыматы боюнча, буга чейин вице-премьерге, учурда анын инисине таандык «Градиент» компаниясы мамлекет тарабынан өткөрүлгөн бир нече тендерди утуп алган.

Алардын арасында жолдорду куруу, унаа майларын сатып келүү жана «Кумтөр» ишканасы үчүн мотор майларын жеткирүү сыяктуу бир нече тендерлердеги жеңиштери бар.

Сарпашевдин өзү «Тазабек» маалымат агенттигине берген маегинде саясатка келгенге чейин ишкерлик менен алектенгендигин жашырбай тургандыгын билдирген. Бирок ал «Градиент» фирмасына ээлик кылаары жөнүндөгү маалыматты четке каккан.

«Вице-премьер-министр кызматына дайындалуу менен мен учурдагы мыйзамдагы нормаларга ылайык,  «Градиент» компаниясынын уюштуруучуларынын курамынан чыккам жана азыркы учурда ага ээлик кылууга же башкарууга эч кандай тиешем жок», — деп билдирген ал.

Чиновник анын аталган фирманын жеңиштерине тиешеси бардыгы тууралуу айтылган «ушактар менен ой жорууларга» чекит коюу үчүн депутаттык комиссия менен кызматташууга даяр экенин кошумчалаган.

«Бизнести башкарууга тиешем бардыгы ыктымалдыгын текшерүү үчүн кечээ түзүлгөн депутаттык комиссия менен кызматташууга даярмын. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча менин бизнеске катышканым же ага көмөктөшкөнүмө байланышкан ушактар менен ой жорулар биротоло токтойт деген үмүттөмүн», - деген ал.

Учурда парламенттин кароосунда чиновниктерге тиешеси бар компаниялардын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу сала турган мыйзам долбоору бар.

Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору сатып алуу системасынын сапатын жогорулатуу жана тендер өткөрүүдөгү коррупцияны азайтуу үчүн зарыл.

«Көрсөтүлгөн тыюунун жоктугунан пайдаланып кызматтагы адамдардын көбү, алардын туугандары өз компанияларын тердерлерге катышууга алып чыгып жатышат. Мындай болгондо тендердин жыйынтыгы белгилүү болуп калат», — деп жазган «Түштүк» маалымат агенттиги Бекешевдин айткандарын.

Автор: Эльдияр Арыкбаев