Саруунун жашоочулары «Кумтөрдүн» унаасын кайтарып беришти

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын митингке чыккан тургундары бүгүн күндүз «Кумтөр» алтын кенинин жумушчуларын ташып бара жаткан унаасын басып алышкан. Алар милиция менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин унааны кайтарып берүүгө макул болушту.

Бүгүн Саруу айылынын 60тан ашык тургуну октябрдын башында Караколдо өткөн митингде кармалган айылдаштарынын бошотулушун талап кылып митингке чыгышты.

Митингке күбө катары катышкан адам Kloop.kgге берген маегинде анын катышуучулары таяктар жана таштар менен куралдангандыктарын айтты.

«Адамдар Саруу жана Дархан айылдарынын ортосундагы көпүрөгө чогулушту. Алардын колдорунда таяктар, таштар бар. Сыягы алар көпүрөнү тоскону жатышса керек», — деди күбө.

Милициянын маалыматы боюнча, митингдин жети катышуучусу «Кумтөр» компаниясынын жумушчуларын алып бара жаткан жүк унаасын басып алышкан.

Демонстранттар жүргүнчүлөрдү түшүрүп унаа менен айылды көздөй кетишкен.

24.kg маалымат агенттиги билдиргендей, унааны басып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Бирок Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кылмыш ишинин козголгондугу жана көпүрөнүн тосулгандыгы тууралуу айтылган маалыматтарды четке какты.

Анын айтымында, унааны айдап кеткендер азырынча табыла элек. Бирок милиция кызматкерлери баргандан кийин саруулуктар ал унааны кайра кайтарып беришкен.

«Учурда Саруу айылында абал тынч. Эч ким эч кандай жолду жапкан жок. Тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. “Кумтөрдүн” жумушчулары көрсөтмө берүү үчүн РИИБиге жеткирилди», — деди Усубакунов.

Саруулуктар үстүбүздөгү жылдын октябрында «Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен Караколдо өткөн митинг маалында кармалган айылдаштарынын бошотулушун талап кылып биринчи жолу нааразычылык акциясын уюштурушпай эле.

Алар буга чейин Балыкчы-Каракол унаа жолун тосушкан, бирок бир нече сааттан кийин кайра ачышкан.

Автор: Кубан Макешов

Редактор: Шахида Дүйшеева