Шоро-Булактыктар өкмөттөн таза суу сурашат

Алай районунун Шоро-Булак айылында ушул күнгө чейин ичүүчү сууга болгон муктаждык бар. Айыл тургундары дарыя суусун ичкенге аргасыз болуп келишет. Анткен менен, муну жергиликтүү бийлик четке кагып, суу чыгарылып берилгенин айтат.

Шоро-Булак айылынын тургуну Суранбай Айбашов  таза суунун жоктугунан элдин саламаттыгы начарлаганын, бассейнден чыккан суу туура дарыяга кошуларын айтат.

Суранбай Айбашов
Суранбай Айбашов

«Суу маселеси бизде көптөн бери чечилбей келет. Мен эс тарткандан бери эле бул боюнча талаш-тартыштар уланып, чоңдорго айтылып, бирок ушул күнгө чейин жыйынтык чыккан жок. Ал эми коңшу айылда Жылуу-Суу деген курорттук зона бар. Ал жерде бассейн бар болгон үчүн сууга түшкөнү ар айылдан келишет. Бассейнден чыккан суу түз эле дарыяга кошулат. Биз акыркы күндөрү адамдардын тузу менен самын ичип калдык. Көпчүлүк эл ар кандай ооруларга кабылышат.  Эгер ушул маселе жолго коюлса, элдин саламаттыгы жакшыраар беле»,-дейт С.Айбашов.

Ал эми Таасилкан Аматова сууга бардык нерсе төгүлгөндүгүн, жада калса малдын кыгын да күрөп  ийгендери да бар экендигин белгиледи.

Таасилкан Аматова
Таасилкан Аматова

«Бүгүнкү күндө эл сууга күл, үйдөн чыккан таштандыларын дагы төгүп ийишет. Келип-келип, аягында биз ичип калабыз. Көрбөсөң ичесиң да анан суу тандабай. «Суудан суу тандап өтсөң макүрү болот» дегендей, көзүбүз көрбөсө ичебиз да. Эшектер өлүп калган учурлар болот. Суу тунук эмес, тунутуп ичкенге аргасыз болобуз»,-деди Таасилкан айым.

Алабек уулу Арген кээ бир учурларда жогорку  айылдан суу ташып келет. Күн жааган мезгилде дарыя суусу ылайланып, ичкенге болбой кала тургандыгын айтат.

«Бизде кранттан суу чыкпагандыктан, дайрадан алып ичебиз. Бизден төмөнкү айылдарда таза суу бар, негедир биздин айылга жетпей калган. Жаан жаган мезгилде коңшу айылдан суу алып келгенге туура келет. Ал жер  аябай кезек болуп кетет. Суу жетпей калган  учурлар да болуп калат»,-дейт Арген.

Сырт сурот

Жергиликтүү бийлик элдин дарыядан суу иче тургандыгын четке кагат. Алай райондук администрациясынын башчысы Таалайбек Сарбашов  ал айылга суу тартылгандыгын, бирок булактын көзүндө суу жок болуп жаткандыгын айтат.

Таалайбек Сарбашов
Таалайбек Сарбашов

«Дарыядан суу ичет дегенге кошулбайм. Шоро –Булак айылында бүгүнкү күндө кранттан суу чыгып жатат. Биз ал айылга суу тартканбыз, бирок суу түтүктөрүнүн начардыгынан, бир аз жетпей калып жатат. Кара-Булак айылындагы булактан суу тарттырган  үчүн бүгүнкү күндө суук түшкөнгө байланыштуу суу тартылып кетип чыкпай калды. Биз бул боюнча Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым өкүлү Сооронбай Жээнбековго жардам сурап кайрылганбыз. Эгер убадалар аткарылса, жаз алды менен оңдоо-түзөө иштерин баштайбыз»,-деди  Таалайбек мырза.

Автор:  Адашгүл Акматова

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева