26-ноябрда Чычкан дарыясына күйүүчү май ташуучу унаа кулап түшкөндөн кийин андагы балыктар массалык түрдө өлүп баштады — бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Учурда окуя болгон жерде атайын экологиялык кызматтын адистери суу жаныбарларын өлүмдөн алып калуунун үстүндө иштеп жатышат.
40 тонналык күйүүчү май ташуучу унаа дарыяга 26-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолу аркылуу күйүүчү жана майлоочу майларды ташып бара жатып кулап түшкөн.
Анын 20 метрлик бийиктиктен кулаганынан улам цистерналары тешилип, күйүүчү май сууга кошулуп кеткен.