Акысыз медициналык курс кайра башталды

Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин Кыздар кеңеши тарабынан  «Бекем үй-бүлө - бекем өлкө» аттуу медициналык окуу долбоору кайра ишин улантты. Окууга студенттер кабыл алынууда.

     Ош шаарынын тургуну Назгүл Бактыбек кызы жыл сайын медициналык курска тапшырып, өтө албай келет. Анын үй-бүлөсүндө медицинадан кабары бар эч ким жок болгондуктан, бул багытта билим алышты каалайт. Бул курстук окууга  да  таанышы барлар  өтүп жатканын  айтат.

Назгүл Бактыбек кызы
Назгүл Бактыбек кызы

«Негизи мен медкурска мурунку жылы дагы тапшырып, өтпөй калганмын. Быйыл дагы үмүт үзбөй аракет кылып жатам. Турмушта   бул нерсе албетте керек. Үйдө медик жок үчүн, окуюн дегем. Кокус ооруп калышса, ар кимге чуркабай өзүм даарыласам жакшы да. Курстун жетекчилери ушул жылы мурун тапшыргандарды сөзсүз алабыз деген. Өткөн жылы эки кыз жакшы жооп бере алган эмес.  Кийин көрсөм окуп жүрүшүптүр. Мүмкүн болсо тааныш болуш керек экен»,-дейт Н. Бактыбек кызы.

Ал эми Перизат Абдисатар  кызы да бул окуу курсуна тапшырган. Ага көбүнчө ымыркайга кам көрүү дегени абдан жаккан.

« Мен жарыяны көргөндө эле, кызыгып тапшыргам. Эми биз болочоктогу энебиз да. Ымыркайга кам көрүүнү билишибиз керек. Мага ушул бөлүүгү абдан жакты. Окууга өтүү эки турдан турду. 1-турда суроо-жооп кагаз түрүндө, 2-тур оозеки түрдө өткөрүлдү. Негедир жыйынтыгын айтышкан жок өтпөй калган окшоймун. Бирок кийинки жылга жакшы даярдыктар менен барып тапшырам деген ниетим бар»,-деди Перизат.

Сырт сурот

Уулжан Тураева
Уулжан Тураева

Уулжан Тураева атасынын ооруганынан тапшырып калганын айтат.

«Мен үй-бүлөм үчүн тапшырдым. Үйдө атам көп ооругандыктан, аны өзүм дарылагым келет. Окууга тапшырарда ата-энем медик болушумду каалаган. Мен башканы тандап алган элем.  Медицинаны кошумча билгим келет»,-дейт У. Тураева.

«Бекем үй-бүлө - бекем өлкө» атту медициналык окуу долбоорунун координатору Махабат Ибрагимова кыздар өздөрүнүн ден-соолугуна кам көрө албастыгын,  жаштардан  атайын сурамжылоо жүргүзүп жаткан учурда билген. Бул боюнча кыздардан көп сунуш түшкөндүгүн айтат.

Махабат Ибрагимова
Махабат Ибрагимова

«Негизинен бул курс 2 жылдан бери иштеп келе жатат. Биз бул курсту ачаарда  студенттерден сурамжылоо жүргөнбүз.  Курста 3 ай окушат. Үй шартында алгачкы жардамды көрсөткөндү үйрөтөбүз. Өткөн жылы орундар чектелүү болгон. Быйыл андай кылган жокпуз. Каалоочулардын баарына мүмкүнчүлүк бердик. Бизде эч кандай тааныш-билиш болбойт»,-деди Махабат айым.

Окуу курсунда алгачкы медициналык, акушер-гинекологиялык жардам, урология, массаж,  психология, ымыркайга кам көрүү ж.б тармактарда билим берилет. Окуу мөөнөтү 3 ай.

Автор: Акматова Адашгүл

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева