Алайда Алымбек датканын айкели тургузулат

Гүлчөгө киребериштеги айлампага Алымбек датканын айкелинин коюлат

Алай районунун Гүлчө айылына киребериштеги айлампага Алымбек датканын эстелиги тургузулат. Анын ордундагы бүркүттү тоонун чокусуна кондурушкан. Алымбек датканын эстелигин Ош шаарындагы скульпторлор жасашууда.

Алай районунун тургуну Калмурат Маткозуев Гүлчөгө киребериштеги айлампага Алымбек датканын айкелинин коюлушун каалайт. Анын айтымында азыркы жаштар тарыхты билбейт, эгер эстелик тургузулса жок дегенде анын ким экендигин билип калышарын  айтат.

Жасалып жаткан айкел
Жасалып жаткан айкел
Калмурат Маткозуев
Калмурат Маткозуев

«Алымбек датканын эстелиги коюлушу керек. Ал тарыхый инсан да. Канча жыл Алайды башкарып турган. Анын эмгеги бааланышы керек. Бүгүнкү күндө жаштар окубайт, агенттен башканы билбей калышты»,- деди К. Маткозуев.

Ал эми Улан Төлөнөв  Алымбек датканын айкелинин ордуна мурун бүркүттүн эстелиги тургандыгын, бирок эч качан бүркүт  жерде конбостугун  айтат.

«Баарыбыз билгендей эле Алымбек датка, Курманжан датка энебиздин жубайы болгон. Алар Алайды сактап калышкан, канчалаган жылдар бою өз бийлигин жүргүзүп келген. Ошондой улуу инсанды койбой кимди коебуз? Бүркүт эч качан жерде турган эмес. Аны тоонун чокусуна коюп туура кылышты»,-дейт  Улан мырза.

БУРКУТ

Улан Төлөнөв
Улан Төлөнөв

Жергиликтүү бийлик айкелди тургузуу боюнча Алайда марафон уюштурган.

Алай райондук администрациясынын башчысы Таалайбек Сарбашов бул демилгени эл чогуу кеңешип, көтөрүп чыккандыгын  жана жергиликтүүлөр жакшы колдоп бергендигин айтты.

«Биз ал жердеги бүркүттү бийик жерге кондурдук. Анын ордуна Алымбек датканын айкелин койгону жатабыз. Бул үчүн элге марафон уюштурдук. Алайдагы 14 айыл өкмөт тең жакшы катышып, бардыгы бир күндүк эмгек акысын бөлүп беришти. Мындан сырткары Бишкек шаарында дагы бир күндүк марафон уюштурганбыз. Ал жактан 125 миң сом алып келинди. Баары 800 миң сомдун тегерегинде акча топтолду. Айкелге 1 млн 200 миң сом кетет. Калганын Гүлчө айыл өкмөттүнүн бюджеттинен кошкону жатабыз»,-деди Т.Сарбашов.

Таалайбек Сарбашов
Таалайбек Сарбашов

Айкелди куруу боюнча тендер жарыялаган. Гүлчө айыл өкмөттүнүн башчысы Болотбек Таиров белгилегендей, андан жеңип чыккан ишкана бүгүнкү күндө эстеликти жасап жатат.

«Айкелди тургузуу үчүн жарыяланган тердерге эстеликтерди жасап жүргөн үч ишкана Оштон келип катышты. Алардын аткарган иштери менен таанышып чыгып, бирөөсүн тандап алдык. Бул ишкана Оштун киреберишиндеги айкелди дагы жасаган экен. Тендерди уткан ишкана 1млн 200 миң сомго бүтүрүп берүүсүн тастыктап берди. Бүгүнкү күндө айкелди жезден күйгүзүп, жасап коюшту. Көпчүлүк иштери бүтүп калды.  Декабрдын 15терине толугу менен бүткөрүп берет»,-деди Болотбек мырза.

Болотбек Таиров
Болотбек Таиров

Алымбек датка 1831-жылдан 1845- жылга чейин Ош вилайетин башкарып, хандыкка аралашып, Кокон хандыгындагы саясий иштерде жүргөн. 1858-жылы Кудаяр хандын улуу агасы Малабекти такка отургузуп, өзү баш вазир, ошол эле учурда Анжиян вилайетине аким болгон. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп келген.

Автор: Адашгүл Акматова

Сүрөттөр автордуку

 Редактор: Гүлзат Газиева