Мэйл-агентсиз жашоого болобу?

Агентти азыр жаш-кары дебей пайдаланууда. Агентке өспүрүмдөр баш оту менен кирип, сабаты начарлоодо. Мунун күнгөй-тескейин сураштырып көрдүк.

Азыркы күндө агентке жаш каарысынан баштап баары киришет дейт Уркуя Салиева мектебинин окуучусу Бекмамат Таалайбек уулу.

Бекмамат Таалайбек уулу.
Бекмамат Таалайбек уулу.

«Агент ХХI кылымдын күзгүсү деп айтсак болот. Мен агентти досторум менен баарлашууда, жакындарым менен сүйлөшүп туруу үчүн пайдаланам. Бир күндүн ичинде 5-6 жолу агентке кирем. Агентте web-камера болсо, бири-бирин көрүп сүйлөшсө болот. 1999-жылы  mail.agent чыккан. Кийинчээрек 2001-жылы mail.ru ачылып, азыркы күндө дүйнө элин бириктирди»,-дейт Бекмамат.

Ош шаарынын тургуну Алибек Халиков  жаштарды агент азгыра тургандыгын айтат.

Алибек Халиков
Алибек Халиков

«Азыркы күндө агент деген нерсе чыгып,  жаштардын баары ошол менен алек. Көчө-көйдө карасаң деле телефонун чукуп,  агентте отурат. Тамак жеп жатып да, сабакта да агентте. Эгер ушундай  кете берсе, биз кантип билимдүү кадрлады чыгарабыз. Агент ден-соолуктун начарланышына, ой жүгүртүүнүн басаңдашына алып келет»,-дейт Алибек мырза.

Анын айтуусунда бул батыштын идеологиясы.

«Көпчүлүк жаштар агентти эң жакын байланыш дешет. Ооба, жакшы болушу мүмкүн, бирок агентке бүт автобияграфия жазылат эмеспи. Сен жөнүндө кандай маалымат  керек болсо, анкетаңа кирип баарын билгенден кийин жаман жолдорго башташы мүмкун. Сүрөтүңдү өзгөртүп наамысыңа тийе турган аракеттерди жасашы да мүмкүн. Илгери биздин күнүбүз агентсиз эле өткөн. Азыр болсо бир күн агенттке кирбесе жинди болуп калайын дейт. Одоно айтканда, агент ооруусуна чалдыгып калышат. Бул жакында эле батыштан келген идеология. Адамдарды алдоо үчүн чыгарылган. Жазганда көпчүлүгү   туурасын жазбайт.  Ким билет, жигитмин дегени  балдары чоңоюп калган киши болор. Аны көрбөсө  каяктан билет, баары алдашат»-дейт Алибек  Халиков.

Мектеп окуучусу Жумагүл Нурмамтова агент  оперативдүү ыкчам байланыш экенин айтат.

Жумагүл Нурмамтова
Жумагүл Нурмамтова

«Агент алысты жакындатат . Туугандарың , жакын адамдарың чет өлкөлөрдө болсо акча кетирип чалгандан көрө 1 сом менен агенттен байланышсаң болот.  Андан тышкары жаңы досторду арттырасын, көптөгөн маалыматтарды аласың. Мектепти бүткөн болсоң классташтарың менен «одноклассники» социалдык тармакка кирип сүйлөшсөң болот»,-дейт Жумагул.

11-класстын окуучусу Аксана Куттубаева агент убакытты бекер коротуунун жолу  деп билдирет.

Аксана Куттубаева
Аксана Куттубаева

«Агентке киргениңен кийин кумарланып каласың. Күнү-түнү агентте отургандар бар. Алтындай болгон убакытты агент менен өтөрбөстөн пайдалуу иш менен өткөрүшсө дейм. Андан тышкары сабактан артта калып, билимдин начарланышына алып келет. Менин оюмча, агент курук сөздү көбөйтөт»,-дейт Аксана.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда интернет пайдалануучулардын 90%ы майл-агентти пайдаланышат. Азыркы күндө көпчүлүк агенттен башка  Faсebook,Twitter,Одноклассники социалдык тармактарына өтүп жатышат.

Автору:Назгүл Орзиева

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева