Ошто Келдибековду колдоо комитети иштеп жатат

Ош  шаарынын борбордук аянтында 26-ноябрда башталган  нааразылык акция уланууда. Келгендер каттоодон өтүп, алардын саны 5 миңден ашкан. Алардын максаты  - камакка алынган депутат Ахматбек  Келдибековду  боштондукка  чыгаруу. 

Жашы  сексенге  таяп  калган Маматали Мамажалиев митинге  Алай-Куудан  келген. Ахматбек  Келдибеков  бошотулмайынча  эч  жакка  кетпей турганын  айтты.

фФФФФ

Маматали  Мамажалиев
Маматали Мамажалиев

«Өлгүсү  келген эчки койчунун  таягына  сүйөнөт» дегендей, президент Атамбаев Келдибековду бошоттурсун. Ал  жакшы  эл  башкаруучу  боло  албады. Элди  жакыр  кылды. Шайланганга  чейин  көп  нерселерге  убада  берген. Биздин  бар  талабыбыз  - Ахматбекти  бошотсун. Бошотпосо  бир жыл  болсо  да  турам, кетпейм. Эгер  элди  башкара  албаса, башкаруучулуктан  кетсин. Чыңгыз  хан  да  кыргызды  чаба  алган  эмес»,- деди  Маматали  Мамажалиев.

Митингдин  уюштуруучусу  «Кыргыз  журтум»  коомдук  фондунун  жетекчиси   Сапаргүл Бердалиева Ахматбек  Келдибековду  үй  камагына  чыгарса, митинг  токтотуларын  айтты.

Сапаргүл Бердалиева
Сапаргүл Бердалиева

«26-ноябрь  күнү  башталды, беш  миңдей  адам  өз  ыктыяры  менен  келип  биздин  катарга  жазылып  кетти. Бул  митинг  эмес,  жөн гана  ушул  жерге  топтолуп  нааразычылык  билдирип  жатабыз. Эгер  Келдибековду  бошотпосо, чыныгы  митингди  баштайбыз. Биздин талап - аны толук боштондукка чыгарбаса  да   үй камагына  чыгарсын. Ошондо  гана токтотобуз»,-деди С.Бердалиева.

19-ноябрда  Башкы  прокуратура   Ахматбек  Келдибековго  Кылмыш  кодексинин коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча  кылмыш  ишин козгоп, депутат УКМКнын  тергөө  абагына  камалган. Ал  2005-жылдары  Социалдык  фонддун  төрагасы  болуп  турган  кезде  21  миллион  сомдон  ашык  каражатты  негизсиз  короткон  деп  айтылууда.

фф

20-ноябрда  Алай районунда  Ахматбек  Келдибековду  коргоо  комитети  түзүлгөн. Комиттеттин  курамында  18  адам  бар, алардын  талабы - Ахматбек  Келдибековдун ишин адилет кароо жана аны үй камагына чыгаруу.

Автор: Үмүтай  Жума  кызы

Сүрөттөр  автордуку

Редактор: Гүлзат  Газиева