Жыл бою түшүм алган айымдар

Ош облусундагы Тельман айылынын айрым тургундары жайын-кышын күнөсканада жашылча-жемиш өстүрүп, алган түшүмдөрүн сатыкка чыгарып, концервация да кылышат.

Кара-Суу районунун Тельман айылындагы күнөскананын (теплица) ээси  Бактыгүл Ахатова  жаңы  иш баштаганда күнөсканасынын жадакалса тосмолору да жок болгонун айтты. Алгач целлофан менен чүмкөлгөн күнөскана азыр капиталдык курулуш менен дубалы тургузулуп, чатыры жабылган.

Бактыгүл Ахатова
Бактыгүл Ахатова

«Кесибим юрист, бул ишке аралашып көп пайда таптым. Биринчи кандай болот деп ойлонгонбуз. Теплицабыздын тосмолорубуз да жок эле. Эрте жазда көчөт тигип, аны сатып, акчасына тосмолорду кылдырдык. Азыр үйдө отурган 5 аялды жумушка алып, аларга 5-6 миӊ сомдон айлык беребиз. Бир сезондо быйыл 400 кило котур бадырыӊ алдык»,-дейт Бактыгүл.

Ушул айылында «Мунавар» жана «Достук» деген  бирикмелер өткөн жылы жер-жемиштерди кайра иштетүү боюнча цех ачышкан.

Миясар Мойдунова
Миясар Мойдунова

10 жылдан бери айыл-чарба продукциясын өндүрүү боюнча алектенип келген Мойдуновалардын үй бүлөсү бирикме түзүп, айыл тургундарын да жумуш менен камсыз кылган.

Миясар Мойдунова жаӊы иш баштаганда жалаӊ гана бир тугандары менен иштегенин айтты.

«Азыр бизде бышчу мөмө-жемиштерибиз менен элди камсыз кылып жатабыз. Теплицада жалпысынан 17 киши иштейт. Өзүбүз өндүргөн жемиштерди концервация кылып жатабыз. Агродүкөнүбүз да бар,  аты «Мунавар», сиӊдим өзүнүн атына койгон. Ал теплица түзүп, анан бизди да жумшка орноштурган. Бир жерде отуруп иштебейбиз, талаада, үйдө айырмасы жок»,-дейт Миясар Мойдунова.

Мунавар Мойдунова
Мунавар Мойдунова

Айылдагы демилгелүү топтордун ишине ПРООН уюму колдоо көрсөтүп келет. Өз алдынча иштеп, мамлекетке салым кошкон жарандарга жардам көрсөтүлөрүн айтат ПРООНдун ассистенти Болот Батинов .

«Консультация-маркетинг борборунун негизги максаты- айыл чарба боюнча маалымат берүү, консультация жүргүзүү, үйрөтүү жана  айыл чарбаны өнүктүрүү. Бул долбордун алкагында  цехке атайын мөмө-жемиштерди жана дары чөптөрдү кургатуучу жабдуулар менен камсыз кылуу пландаштырылды. Бизде көптөгөн жер-жемиштер чирип кетет, аларды пайдалуу иштетип калуу үчүн кургатуучу шкаф беребиз. Шкафтын баасы  60 миӊ АКШ доллары турат. Буйруса жакында ишке берилет»,-деди Болот Батинов.

Айтымында, жергиликтүү адистерди Турциядагы изилдөө борборуна алып барып окутуу пландары  да бар.

Автор: Гүлзар Осмонали кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева