Ош шаарында чет мамлекеттерге окууга кетип жаткан студенттердин саны кѳбѳйүүдѳ. Шаарда студенттер жана мектеп окуучулары үчүн кѳптѳгѳн окууга жѳнѳтүүчү программалар жана эл аралык уюмдар бар.
Ош шаарындагы «Education for All» борбору 1995-жылы Soros фондунун жардамы менен ачылган. Студенттердин жана мектеп окуучуларынан TOEFL, SAT экзамендери боюнча кабыл алат.
Жыл сайын 10-15 студентти Америкадагы окуу жайларга жѳнѳтѳт. Бул борбордун ѳзгѳчѳлүгү эл аралык программалар тууралуу да маалымат берет.
«Education for All» борборунун директору Бумайрам Исмаилова чет мамлекетке окууга кетип жаткан студенттердин саны ѳсүп жатканын белгиледи.
«Бул борбордун негизги максаты англис тилин ѳнүктүрүү жана билимдүү жаштарды чет мамлекетке окууга жѳнѳтүү. Студенттер жана окуучулар үчүн бул жерде бардык мүмкүнчүлүктѳр түзүлгѳн жана студенттер келип ушул жерден экзамендерге даярданышат. Чет жакка окууга кетүүнү каалаган студенттердин саны жыл сайын ѳсүүдѳ жана Американын, Европанын эн жакшы жогорку окуу жайларында окуп жатышат. Бир жылда алты жолу экзамен алабыз. Американын ЖОЖдоруна бир жыл бою экзамен ала берет, кѳбүнчѳ жай мезгилине туура келет. Окууга ийгиликтүү ѳтүү үчүн TOEFL, SAT экзамендеринен 600дѳн жогору балл алыш керек, эгер 550 балл болсо , анда мүмкүнчүлүк бар ал эми 400 болсо, анда студенттин билими начар деп эсептелинет. Жакшы кѳрсѳткүчкѳ ээ болгон студенттер беш жыл бою бекер же ар түрдүү жеӊилдктер менен окуйт»,- деди Б.Исмаилова.
Ош мамлекеттик социалдык университетинин окуу бѳлүм башчысы Карамат Белекова студенттер арасында Work and Travel программасы менен кеткендердин саны кѳбѳйгѳнүн айтты.
«Биздин факультетте 400дѳн ашуун студент билим алууда. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл чет мамлекетке окууга кеткен студенттерибиздин саны кѳп. Кѳпчүлүгү Америкада, Германияда билим алып жатышат жана окууну бүтүп ошол жакта иштеп калгандары да бар. Кѳп студенттерибиз Work and Travel программасы менен кетишет. Чет мамлекеттен стажировкадан ѳтуп келген мугалимдерибиз да бар. Университетибизде атайы англис тилин үйрѳтүүчу каана түзүлгѳн, ал жерде бардык шарттар бар, студенттерибиз ошол жерден билимдерин тереӊдетишүүдѳ»-деди К.Белекова.
Work and Travel үч ай студенттерди Америкада жумуш менен камсыз кылуучу программа. Бул программа аркылуу англис тилин жакшы билген студенттер окуу жылдын башында экзамен тапшырат, ѳткѳндѳр үч айлык каникулда Америкада ар түрдүү тармактарда иштеп акча табышат жана тилди практика жүзүндѳ үйрѳнүшѳт.
Work and Travel программасынын жеӊүүчүсү ОшМСУнун студенти Рахманберди Таджибеков келечекте дагы Америкага барарын айтты.
«Бул программа жеӊил , тилди эле билген ар бир студент катыша алат. Мен 2012-жылы жай мезгилинде Американын Алабама штатында болдум. Ресторанда ашпозчу болуп иштедим. Шаарларды кѳрдүм, адамдар менен баарлаштым, тилди жакшыраак ѳздѳштүрдүм. Документтерди топтоодо гана кыйынчылыктар болбосо, калганы оной болду. Буйруса окуумду бүтүрүп узагыраак мѳѳнѳткѳ барам»-дейт Р.Таджиков.
Ошто студенттерди жана окуучуларды чет жакка окууга жѳнѳтүүчү программалар жана уюмдар бар жана жыл сайын экзамендер ѳткѳрүлѳт; ACCELS,UGRAD, FLEX, IREX, « Work and Travel»,«Сорос- Кыргызстан» , «Education for All»,«World of Education». Бул программалар аркылуу Кыргызстандан жылына 200дѳн ашуун студент, мугалимдер Америкага окууга ѳтѳт.
Автор:Үмүтай Жума кызы
Сүрѳттѳр автордуку
Редактор: Гүлзат Газиева