Чет мамлекетке окууга кантип барса болот?

Ош  шаарында   чет  мамлекеттерге  окууга  кетип  жаткан  студенттердин  саны  кѳбѳйүүдѳ. Шаарда  студенттер  жана  мектеп  окуучулары  үчүн  кѳптѳгѳн окууга  жѳнѳтүүчү  программалар  жана  эл  аралык  уюмдар   бар.

Ош  шаарындагы   «Education  for All» борбору  1995-жылы  Soros фондунун  жардамы  менен  ачылган. Студенттердин  жана  мектеп  окуучуларынан   TOEFL, SAT  экзамендери боюнча кабыл  алат.

Жыл  сайын  10-15  студентти  Америкадагы  окуу  жайларга  жѳнѳтѳт. Бул  борбордун  ѳзгѳчѳлүгү  эл аралык  программалар  тууралуу  да  маалымат  берет.

«Education for  All»  борборунун  директору  Бумайрам  Исмаилова    чет  мамлекетке  окууга  кетип  жаткан  студенттердин  саны ѳсүп  жатканын  белгиледи.

«Бул  борбордун  негизги  максаты  англис  тилин  ѳнүктүрүү  жана  билимдүү  жаштарды  чет  мамлекетке  окууга  жѳнѳтүү. Студенттер  жана  окуучулар үчүн  бул  жерде  бардык  мүмкүнчүлүктѳр  түзүлгѳн  жана  студенттер  келип  ушул  жерден    экзамендерге    даярданышат. Чет жакка    окууга  кетүүнү  каалаган  студенттердин  саны  жыл  сайын  ѳсүүдѳ  жана  Американын, Европанын  эн  жакшы  жогорку окуу  жайларында  окуп  жатышат. Бир  жылда  алты  жолу  экзамен  алабыз. Американын  ЖОЖдоруна  бир  жыл  бою  экзамен  ала  берет, кѳбүнчѳ  жай  мезгилине  туура  келет. Окууга  ийгиликтүү ѳтүү  үчүн TOEFL,  SAT экзамендеринен  600дѳн  жогору  балл  алыш  керек, эгер  550 балл болсо , анда мүмкүнчүлүк  бар  ал эми  400  болсо,  анда  студенттин  билими  начар  деп  эсептелинет. Жакшы  кѳрсѳткүчкѳ  ээ болгон студенттер  беш  жыл  бою  бекер  же  ар  түрдүү  жеӊилдктер  менен  окуйт»,- деди  Б.Исмаилова.

Ош  мамлекеттик  социалдык   университетинин   окуу  бѳлүм  башчысы   Карамат  Белекова  студенттер  арасында  Work  and  Travel  программасы  менен  кеткендердин  саны  кѳбѳйгѳнүн  айтты.

Карамат  Белекова
Карамат Белекова

«Биздин   факультетте  400дѳн  ашуун  студент  билим  алууда. Былтыркы  жылга  салыштырмалуу  быйыл  чет  мамлекетке  окууга  кеткен  студенттерибиздин  саны  кѳп. Кѳпчүлүгү  Америкада,  Германияда  билим  алып жатышат  жана  окууну  бүтүп  ошол  жакта  иштеп  калгандары  да  бар. Кѳп  студенттерибиз  Work  and Travel   программасы  менен  кетишет. Чет  мамлекеттен  стажировкадан ѳтуп  келген  мугалимдерибиз  да  бар. Университетибизде  атайы  англис  тилин  үйрѳтүүчу   каана  түзүлгѳн, ал  жерде  бардык  шарттар  бар, студенттерибиз  ошол  жерден  билимдерин  тереӊдетишүүдѳ»-деди  К.Белекова.

Work  and Travel үч  ай  студенттерди  Америкада  жумуш  менен  камсыз  кылуучу  программа. Бул  программа  аркылуу  англис  тилин  жакшы  билген  студенттер  окуу  жылдын  башында  экзамен  тапшырат,  ѳткѳндѳр  үч  айлык  каникулда  Америкада  ар  түрдүү  тармактарда  иштеп акча  табышат  жана  тилди  практика  жүзүндѳ  үйрѳнүшѳт.

Work and Travel  программасынын  жеӊүүчүсү ОшМСУнун  студенти  Рахманберди   Таджибеков    келечекте  дагы  Америкага  барарын  айтты.

 Рахманберди   Таджибеков
Рахманберди Таджибеков

«Бул  программа  жеӊил , тилди  эле  билген   ар бир студент катыша  алат. Мен  2012-жылы  жай  мезгилинде  Американын  Алабама  штатында  болдум. Ресторанда   ашпозчу  болуп  иштедим. Шаарларды  кѳрдүм, адамдар  менен  баарлаштым, тилди  жакшыраак ѳздѳштүрдүм.  Документтерди  топтоодо  гана  кыйынчылыктар  болбосо, калганы  оной    болду.  Буйруса  окуумду  бүтүрүп  узагыраак  мѳѳнѳткѳ  барам»-дейт  Р.Таджиков.

Ошто   студенттерди  жана  окуучуларды  чет  жакка  окууга   жѳнѳтүүчү  программалар  жана  уюмдар  бар жана  жыл  сайын экзамендер ѳткѳрүлѳт; ACCELS,UGRAD, FLEX, IREX, « Work  and  Travel»,«Сорос- Кыргызстан» , «Education  for  All»,«World  of  Education». Бул  программалар  аркылуу  Кыргызстандан  жылына  200дѳн  ашуун  студент, мугалимдер  Америкага  окууга  ѳтѳт.

Автор:Үмүтай  Жума  кызы

Сүрѳттѳр  автордуку

Редактор: Гүлзат  Газиева