Интернет жалкоолукка алып барабы?

www.neweurasia.net сайтынын маалыматы боюнча учурда Кыргызстанда 760 миңден ашуун интернет колдонуучу бар. Булардын дээрлик көпчүлүгү бишкектиктер. Тагыраак айтканда, интернет колдонуучулардын 77% Бишкекке, 10%ы Ош облусуна туура келет. Ал эми колдонуучулардын 13% калган облус жана шаарларга тиешелүү.

Орто мектептин мугалими Алмакан Салиева техниканын жогорку деңгээлде өсүүсүнө  нааразылыгын билдирет.

«Азыркы муундар жалкоо болуп кетишкен. Бул замандын өзгөрүүсү техниканын кесепети. Интернет деген пайда болгон. Мурун китептерди окуп издеп, тырышып жүрүп окуйт элек. Биздин балдар чайналган нанды жутуп билим алышат. Качан гана окуучу тырышып, кыйналып окуса, жакшы билимге ээ болот»,-дейт Алмакан айым.

Дүйнөлүк маалымат булагы болуп интернет эсептелет. Албетте бул да болсо, техниканын жетишкендиги. Интернеттин пайдасы арбын экендигин билдирет Кушубак Төлөнов.

«Кандай гана суроо болбосун баарына жооп таба аласын. Интернет бул деңиз ал эми агент ошол суунун бир тамчысы. Азыркы убакта интернетти колдонуу  Кыргызстандын да масштабдуу бөлүгүнө тараган. Өз алдынча чет тилдерин үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Кирүү акысы арзан. Адамдардын аң-сезими да бир топ деңгээлде өсүүдө»,-дейт окуучу Кушубак.

Интернетти колдонуу ыңгайлуу экендигин билген окуучу-студенттер китепканага барбай койгондугун кошумчалайт.

«Албетте, китеп аркылуу изденген жакшы. Маалыматты ыкчам табуу үчүн интернет жакшы. Себеби, теманы жазсаң эле болду ал сага темаңа жараша ар тараптуу жаңылыктарды ачып берет. Ал эми китептен табуу интернеттей тез эмес. Ошондой эле кеңири маалыматка ээ боло албайсың»,- деди К. Төлөнов.

Интернетке кирүү кумарга айланып кеттээрин билдирет Кушубак Төлөнов

«Ал жактан кызыктуу видео, кинолорду көрүп, каалаган музыкаы уксан болот. А бирок терс маанидеги маалыматтар да бар. Бул аркылуу жаштардын психологиясы бузулат. Бирок, адамдын өзүнө көз каранды да. Негизинен интернетти туура колдонуу керек»,-дейт Кушубак.

Маалыматтар боюнча интернеттин пайда болуу тарыхы XX кылымдын экинчи жарымына туура келет. Мындан 5 жыл мурдагы көрсөткүч боюнча дүйнө жүзүндөгү интернет колдонгондордун саны 1.4 миллиард адамга жеткен. Бул көрсөткүч убакыт өткөн сайын жогорулоодо.

Автор: Жумагүл Нурмаматова

 Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева