Ой жеткен жерге кол жетет

Ошто алгачкы on line интернет кызматын ишке ашыруунун аракети көрүлүп жатат. Бул демилгенин ээси - жаш бизнесмен Улан Канат уулу. Пландалып жаткан сайт коомчулукка ыңгайлуу кызмат көрсөтүп, учурдун талабына жооп берет дейт.

Улан Канат уулу жаш болсо да алдына чоң максаттарды койгон. Ал start up weekend Osh 2013 төн 2-орунду ээлеп 1500 доллар утуп алган. Улан Канат уулунун өзгөчө идеясы  бул сувенирдик белектер. Гранттын акчасын белектерге сүрөт тартуучу, жазуучу аппаратка жумшаган.

 Улан Канат уулу
Улан Канат уулу

«Жаштар бизнес клубунда мүчөмүн. Ал жерде мага тиешелүү аткара турган жумуштарым бар. Андан сырткары өзүмдүн бизнесим бар. Аны июнь айында start up weekend Оsh 2013төн утуп алгам. Идеямдын максаты болуп сувенир буюмдарды жасоо. Бизге келген туристерге жана өзүбүздүн эле жарандарга керек»-деди  Улан Канат уулу.

Анын айтымында, сувенирге адамдын ысмын жазуу, сүрөт тартуу сыяктуу аппаратты өмүрүндө кармап көргөн эмес. Улан абдан аракетчил, көп  эмгектенет жана анда бош убакыт деген түшүнүк жок.

«Алгач интернеттен сувенирге сүрөт тартуучу аппараттарды көрүп кызыккам. Мындан улам менде ушундай идея жаралды. Ошто ири полиграфиялык борборлор бар, бирок меники андан өзгөчөлөнүп майда-барат буюмдарга, брелокторго тартуу жана жазуу. Менде каалоо болсо эле алдыга жылам. Идеяларымды ишке ашырам» - дейт Улан.

Интернет анын эң жакын жардамчысы. Көп керектүү маалыматтарды, идеяларды сайттардан карап турат. Изденүүгө жардам берет дейт ал.

сувенирлерге жазылган жазуулар
сувенирлерге жазылган жазуулар

«Көп учурда интернетте отурам, сабак болобу, идеялар болобу мындан алса болот. Окуп жүргөн учурда интернетте убакытымды пайдасыз кетирген күндөр деле болгон. Бирок учурда андайга убакыт деле жок. Ар дайым өзүңө ишенип аракет кылышың керек. Анан, албетте  ата – энемдин тарбиясы менен ушул деңгээлдемин»-деди Улан.

Мындан сырткары Канат уулунун IT дизайнер билими бар. Учурда сайт ачуунун аракетинде. Бул сайтта алып-сатуу, жарыя таратуу сыяктуу коммерциялык кызматтар болот.

«Азыркы кылым глобализация, маалымат болуп жатат. Учурда киришип жаткан сайтым коммерциялык сайт болуп эсептелинет. Алгач Ош шаарында эле кызмат кылат. Кийинчирээк кенейтилет. Карап көрсөм, Ошто on line сатуу жок экен. Интернеттен заказ кылып койсоң өздөрү алып келип беришет. Бизде эски эле вариант - гезиттерге жарыя бермей. Мен ошонун электрондук вариантын чыгарып берем. Үйүндө олтуруп эле жарыя берип коесуң. Бир эле тармактагы жарыя же болбосо алып-сатуу менен чектелбейт. Учурда жардам берүүчү адамдар менен сүйлөштүм. Кандай бөлүмдөр болот, структурасын көрсөтүп жатам»,-деди Улан Канат уулу.

сувенирлерге жазылган жазуулар
сувенирлерге жазылган жазуулар

Улан Канат уулу келечекте бизнес тармагынан сырткары саясатчы болууну каалайт. Ал белгилегендей, бизнесин өнүктүрүп, андан кийин гана саясатка аралашуу. Кыргыз элине пайдам тийсин деген максаты бар.

«Бизнесими өнүктүрүп, бир калыпка түшкөндөн кийин саясатка аралашам. Коррупцияга жол бербегенге каражатың болсо жакшы, себеби мамлекеттик жумуштарда маяна төмөн. Таза иштегенге каражатың жетиштүү болсо, жебейсиң. Таза иштегендерди учурда жаман көрүшсө да кийин алсак Раззаковду деле эл кийин баалады»-дейт Улан Канат уулу.

Автор: Айдана Камчыбек кызы

Сүрөттөр Дастан Үмөттегиндики

Редактор: Гүлзат Газиева