Токулган баш кийимдер модага айланды

Оштогу жайма базарда соода жүргүзгөн Алтынай Кушбакова кардардын талабына жараша баш кийим токуп дароо колуна карматат. Бул баш кийимдерге кыздар гана эмес эркектер да кызыкдар.

Азыркы күндө токулган баш кийимдер кыздар арасында модага айланууда. Борбордук базарда баш кийимдер токуп сатыкка коюлуп  жатат. Бизнес жана менеждмент факультетинин студенти Алтынай Кушбакова кардарларга өздөрү каалагандай токуп берерин, калоочу болсо үйрөтөрүн айтат.

Алтынай Кушбакова
Алтынай Кушбакова

«Мен 5-6-класстан эле токуганды үйрөнгөм. Базарда  жанаша отурган эже жакшы токуучу. Мен ошол эжеден көрүп, кызыгып үйрөнүп алгам. Мектеп убагында эмгек сабагынан мөмө-жемиштерди токуп,  чейректен 5 алчумун. Классташ кыздарга сатчумун. 11-класстарда базарда апам кураган курактарды сатып отуруп, жаш балдарга топу токуп саткам. Анткени толук үйрөнө элегимде кичинекей болуп калчу да. Кийин чоңойтууну үйрөнгөндө гана чоң кыздар, келиндер үчүн шапка токуп жүрдүм»,-дейт ал.

Алгач өзү кийип жүргөндө дос кыздары кызыгып, токуп берүүсүн өтүнгөн. Ошондон кийин базарга сатыкка кое баштаган. Азыркы  күндө жаш кыздар гана эмес, жигиттер да өздөрү каалагандай кеште салдырып, токутуп кийип кетип жатканын кошумчалады А.Кушбакова.

001 фон

«Балдар  сүрөттөрдү алып келип, же болбосо сүрөттөп берсе, ошого карап токуп беребиз. Көбүнчө чоң эле өзбек эжелер үйрөт деп келет. Убактыма карап күнүнө 1 саатан үйрөтүп жаттым. Айына бир миң сомдон төлөштү»,-дейт Алтынай.

Гүлнара Камбарова
Гүлнара Камбарова

Гүлнара Камбарова токууну кызынан үйрөнгөнүн жашырбайт.

«Мен курак курайм. Токуганды кызым өзү эле үйрөнүп кеткен. Анан мага үйрөттү. Шапкаларга «G» тамгасы кошо токулат. Бул биздин инициалыбыз»,- дейт Г. Камбарова.

Ош мамлекеттик социалдык университетини студенти Фатима Токтосун кызы сатып алган баш кийимге карап, үйрөнүп алганын айтат.

Фатима Токтосун кызы
Фатима Токтосун кызы

«Базарда токулган баш кийимди кокусунан көрүп, сатып алгам. Ошол шапкага карап инилериме баш кийим токуп бердим. Менин токууга болгон кызыгуума түрткү болду»,-дейт Фатима.

Кардар Нургүл Абдылдаева шапканын  күзүндө, кышында да кийгенге ыңгайлуу экенин айтат.

Нургүл Абдылдаева
Нургүл Абдылдаева

«Мен шапканы жука экен, күзгүгө деп алган элем. Бирок жылуу болгондуктан, кышкысын да кийсе болот экен деп ойлодум. Алгач шапкамдын гүлү жок эле, айтсам, даро ошол жерден гүл кошуп берди»,-дейт ал.

 

 

 

Автор: Динара Жеңишбек кызы

Сүрөт автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева