УКМК Келдибековдун тарапташтарына эскертүү берди

УКМК камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтарына 28-ноябрда өткөн маалымат жыйынында «мамлекеттик төңкөрүш жасай тургандыктары» тууралуу билдирүү жасагандыктары үчүн расмий эскертүү берди.

Оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын камакка алынган депутаты Акматбек Келдибековдун бир нече тарапташы 28-ноябрда журналисттер менен болгон жолугушуусунда эгер саясатчыны УКМКнын тергөө абагынан бошотушпаса өлкөдө төңкөрүш жасап жиберүүлөрү мүмкүн экенин билдиришкен.

«Эгер бийликтегилер Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын белгиленген аймактан чыкпоо баш коргоо чарасына өзгөртүп, аны бошотушпаса өлкөдө саясий төңкөрүш болуп кетиши мүмкүндүгүн айтып Жантөрө Сатыбалдиевге кескин талап койдук. Ал өлкөнүн президенти жана башкы прокурору менен жолугушуу уюштураарын айтып убада берди. Президент бизди кабыл алууга даяр экени бүгүн белгилүү болду», — деп жазган «24.kg» маалымат агенттиги жыйындын катышуучуларынын бири Иосиф Аттокуровдун айткандарын.

Мунун эртеси, 29-ноябрда атайын кызматтагылар ал маалымат жыйынынын бардык катышуучуларына расмий эскертүү берди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) андай билдирүүлөр өлкөдөгү абалдын «курчушуна» алып келиши мүмкүн деп кооптонууда.

«УКМК мындай мүнөздөгү билдирүүлөр өлкөдө коомдук-саясий абалдык курчуп кетүү ыктымалдыгына алып келиши мүмкүн экенин билдирет», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү эгер ал маалымат жыйындын катышуучулары мамлекеттик төңкөрүш тууралуу дагы билдирүү жасаша турган болсо аларга карата кандай жаза колдонулушу мүмкүндүгүн так айтып бере алган жок.

Ал мындай билдирүүлөр эл алдында бийликти күч колдонуп басып алууга чакыруу катары бааланышы мүмкүндүгүн божомолдоп, ал үчүн 100 миң сомго чейин айып пул төлөө же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын кошумчалады.

Депутат Акматбек Келдибеков 20-ноябрь күнү кармалган. Ал Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Келдибеков ошондой эле 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары ал эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Келдибеков өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептеп жатат..

Анын камакка алынышынан улам Кыргызстанда бир нече нааразычылык акциялары болуп өткөн. Келдибековдун тарапташтары эки күнгө өлкөнүн түштүгүндөгү Ош-Эркештам унаа жолун бууп алышкан, ошондой эле депутаттын баш коргоо чарасы белгиленген күнү Бишкектин Октябрь райондук сотунун имаратынын алдында митинг өткөрүшкөн.

Автор: Александра Ли