УКМК тарабынан №1 тергөө абагынын башчысы камакка алынды

№1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков 29-ноябрь күнү кечинде кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына жеткирилди.

«Вечерний Бишкек» гезитинини маалыматы боюнча, Жусупбеков «кызматтык абалын ашыкча пайдаланып зыян келтирген» деп шектелүүдө.

Азырынча атайын кызматтагылар анын кармалышы боюнча кененирээк маалымат беришпей эле.

Ал камакка алынганга чейин үч күн мурун Жусупбеков башкарып турган №1 тергөө абагындагы камактагылардын жарымынан көбү ачкачылык жарыялашкан.

Алар ачкачылык акциясынын жүрүшүндө тергөө абагында «чёрный ход» деп аталган (абактагы эрежелер абактын жетекчилиги тараптан гана эмес криминал авторитеттери тарабынан да белгилене турган режим)режимдин жөнгө салынышын талап кылышкан.

Тергөө абагындагы ачкачылык акциясы 27-ноябрда токтогон, азырынча ал акция менен Жусупбековдун кармалышынын өз ара байланышы барбы-жокпу белгисиз.

Жусупбековдун жактоочусу Вера Шоколова камакка алынган тергөө абагынын башчысы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Автор: Бектур Искендер