Бишкек шаарынын мэри Өмүркуловго каршы кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго каршы кылмыш ишин козгоду. Шаар башчысы борбордун түштүгүндө жайгашкан Жеңиш сейил багынын чегин мыйзамсыз кыскарткан деп шектелүүдө.

Башкы прокуратуранын версиясы боюнча, мэр Өмүркулов Бишкектин түштүгүндөгү Жеңиш сейил багынын аянтын мыйзамсыз азайтууга катышкан.

Өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы билдиргендей, Бишкектин башчысы 2010-жылы сейил бактын чегин ырастоо тууралуу жарлык чыгарган. Анда анын аянты башкы планда көрсөтүлгөн 48 гектардан 35 гектарга чейин азайтылган.

Башкы прокуратура ал жарлыгын чыгарууда Өмүркулов кызмат абалын ашыкча пайдаланган болушу мүмкүн деп эсептейт.

Өмүркуловго жана мэриянын бир нече чиновнигине каршы кылмыш иши Кылмыш кодекстин 305-берененин 2-бөлүмү менен каралган «жер мыйзамын бузуу» боюнча козголду.

Башкы прокуратура билдирүүсүндө сейил багынын аймагынан чыгарылган жерлердин катарында кафе, ресторан жана май куюучу жайлар курулган тилкелер бар болгондугу жазылган. Эгер аталган тилкелер сейил багынын аянты боюнча калганда андагы курулуштардын бардыгы мыйзамсыз деп табылмак.

«Муну менен [Өмүркулов] сейил багынын ичиндеги объектилердин капиталдык курулушун легалдаштырып, андан ары шаардык парк аянтынан курулуш үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шарт түзгөн», — деп билдирүүдө Башкы прокуратура.

Тартипке ылайык, сейил багынын аянтын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушу аркылуу гана азайтууга мүмкүн болчу.

Азырынча бул боюнча мэриянын басма сөз кызматы менен жеке Өмүркуловдун өзү эч кандай комментарий берише элек.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Өмүркуловдун камакка алынаар-алынбасын билбей тургандыгын айтты.

«Аны тергөө чечет», — деди ал.

Автор: Эльдияр Арыкбаев