ИИМ: Кара-Кечедеги адам атышуудан улам каза болгон эмес

Нарын облусундагы Жумгал райнунун жашоочусу буга чейин айтылып жаткандай ок атышуудан эмес, «өзүн жаман сезип, оорусунан» каза болгон — бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирди.

Өз билдирүүсүндө ИИМдин басма сөз кызматы Кара-Кече көмүр кенинде каза болгон адам ага чейин бир нече күн мурун өзүн жаман сезип жатканын билдиргендигин жазган.

«Аны [оорулууну] кендеги медициналык пунктун жумушчулары текшерип, райондук ооруканага жөнөтүшкөн. Бирок Жумгал районунун жашоочусу ооруканага бара жатканда жолдо каза болгон», — деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Пресс-релизде соттук-медициналык экспертиза тарабынан анын денеси туугандарынын катышуусунда каралганы белгиленген.

«Кыйнап өлтүрүүнүн эч кандай белгилери табылган эмес. Кошумча соттук-гистологиялык экспертиза белгиленди. Өлүмүнүн себеби такталып жатат», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Ошентсе да бул факты боюнча тергөө уланып жатат.

Буга чейин бир катар кыргыз тилдүү басылмалар ал адам 20-ноябрда Кара-Кече көмүр кениндеги атышуудан улам каза болгондугун жазып чыгышкан.

Автор: Шахида Дүйшеева